"Эркин-Тоо"

ЭЛДИН УРМАТЫНА ТАТЫГАН ИНСАН

Совет учурунда кыргыз адабияты менен маданиятында дүйнөнү дүңгүрөткөн инсандардын аттары чыгып турган. Алар Социалисттик эмгектин баатырлары акын Аалы Токомбаев жана жазуучу Чыңгыз Айтматов. Айтматовдун чыгармалары дүйнө элинин жүздөн ашуун тилдерине которулуп, нускасы эки жүз элүү миллиондон ашкан.

Заман өзгөрдү, союз кулады. Бир учурда бири бирине эриш-аркак болуп жашашкан 15 союздук республикалар өз алдынча мамлекет болушту. Ар бири улуттук чөйрөнүн чегинде оокат кылып калышты.

Адам жанынын инженерлери – акын, жазуучулар барган сайын унутулууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттен бир тыйын каралбаган Улуттук жазуучулар союзунун аты гана бар. Анда өз каалоосу менен эки-үч жазуучу-акындар иштеп келе жатышат.

Жазуучу жана акын Качкын Оторбаев акыркы он жылдан бери каражатын өзү төлөп, он томдук китептин автору болду.

Качкын Оторбаев айтылуу кең Жумгалдын Багышан айылында (азыр Куйручук) жарык дүйнөгө келген. 1959-жылы Чаек орто мектебин бүтүрүп, Фрунзедеги Политехникалык институттун механикалык факультетин аяктаган. Автомобиль-транспорт боюнча инженер-механик деген кесипке ээ болгон.

Ал адабият майданына 1955-жылдан киришип, райондук “Социалисттик мал чарба” газетасына ырларын чыгара баштаган. Республикалык “Чалкан” журналына жана да газеталарга ыр-аңгемелерин жарыялай баштайт.

Качкын акыркы он, он беш жылдын ичинде “Жумгал дастан” деген эки томдукту, “Мидин минткен экен”, “Мидин эл арасында”, “Мидин” деген адабий-изилдөө китептерин чыгарды. «Түтүнгө бир да ырчы жок», “Биздин Жумгал тынч экен”, “Жумгалды кайра көргөндө”, “Куйручуктун айылында”, “Куйручук олуя” деген чыгармалары жарык көрдү. Бүгүнкү күндө “Жумгал дастаны” аттуу көлөмдүү китеби басмага даярдалып жатат.

Качкын мыкты акын катары таанымал. Анын “Орто кылым генийи Омар Хаям” деген ыр менен жазылган котормосу мындан төрт-беш жыл мурда жарык көргөн. Анын бет ачарына биздеги Иран мамлекетинин элчилигинин өкүлүнүн орун басары катышып, сөз сүйлөп, Качкынга котормосу үчүн чоң ыраазычылыгын билдирген эле. Акын бүгүнкү күндөгү көрүнүктүү акын-жазуучуларга арнап тамашашарждарын газеталарга жарыялаган. Качкындын чыгармаларынын чыгымдарын бала-чакалары көтөрөт. Мен билгенден көп нускада чыккан китептерин алыскы айылдарга, мектептерге бекер таратып келе жатат.

Качкын Оторбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Алтын калем” сыйлыгынын ээси. Ал элдик жазуучу болуп калды десек болот. Көрүнүктүү жазуучу жана акындын кылымга жакындаган жашоосу кут болсун!

Билим КАРАГУЛОВ, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер
№114 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 30-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!