"Эркин-Тоо"

Электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт

2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 14-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөсө, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйынга чыгат. “Кыргызстанда калк электр энергиясын 1 сом 11 тыйындан сатып алып атса Өзбекстанда 2 сом 60 тыйын. Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйын. Орусияда 6 сом 60 тыйын”, — деди ал.

Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйын төлөйт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!