Быйылкы кыш энергетика тармагындагы эң оор жылдардан болору коомчулукта талкууга алынууда. Анткени, Токтогул ГЭСиндеги суу былтыркыга салыштырмалуу бир кыйла төмөн. Өткөн жылы 12,4 миллиард куб метр суу топтолсо, аба ырайына байланыштуу быйыл андан 1,6 миллиард куб метрге аз жыйналды. Демек, келе жаткан кышта энергияга тартыштык жаралып, сырттан сатып алууга туура келет. Мындай жагдай-шартта биз түзүлгөн абалды түшүнүү менен кабыл алып, ар бирибиз электр энергиясын колдонууда сарамжалдуу болушубуз зарыл.
Баарыбыз билгендей, энергетикага болгон муктаждык бүгүн жарала калган жок. Бул 30 жылдык башаламан башкаруунун “жемиши” десек жаңылышпайбыз. Анткени, акыйнек айтышкан 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. Ошол 30 жылдын ичинде бийликке келген билермандар жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 мВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда, кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес. Элдик толкундоо менен Садыр Жапаров бийликке келген 2020-жылы кышкысын 3 млрд кВт саат электр энергиясына тартыштык бар болчу. Жыл сайын ондогон чакан ГЭСтер курулса дагы жогорудагы тартыштыкты жаба албай келе жатабыз. Себеби, жыл сайын жүздөгөн социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилер салынууда. Мисалы, 2021-жылы 109 объект, 2023-жылы 210 объект, 2024-жылы 362 объект курулган. Ошого катар калктын саны дагы өсүп, жаңы турак жайлар салынды. Ипотека багытында эле беш жылда 10 800 үй-бүлө үй менен камсыз болду. Мунун баарына энергия сарпталып, тартыштыкты жаратууда. Мындайча айтканда, кууп жеталбай келе жатабыз.
Кудайга шүгүр дешибиз керек, акыркы жылдары башка багыттар менен бирге энергетика тармагында дагы бир топ секирик жасадык. Ири ГЭСтер менен катар чакан ГЭСтерди куруу колго алынып, алар бир чекеден ишке киргизилүүдө. Былтыр Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Кайнама” ГЭСи, “Көк-Арт” чакан ГЭСи, “Бала-Саруу” ГЭСи, “Ысык-Ата” чакан ГЭСи ишке берилген. Жалпысынан былтыркы жылы 8 чакан ГЭС ишке киргизилди. Быйыл 18 ГЭСти ишке берүү пландалган. Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 чакан ГЭС ишке берилди. ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 41,29 мВтты түзөт. Атап айтсак, Аксы ГЭСи — 4,75 мВт, Боз-Учук ГЭСи — 5,54 мВт, Койсуу ГЭСи — 9 мВт, Ысык-Ата-2 ГЭСи — 4 мВт, Кара-Көл ГЭСи — 18 мВт. Жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 3,93 МВтты түзгөн дагы 4 чакан ГЭС ишке берилгени турат. Мындан тышкары, азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн Күн электр станциясы иштеп жатат. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 3150 мВтты түзгөн 5 Күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду.
Жакында жакшы саамалык орун алып, Кара-Көл ГЭСи ишке кирди. Кара-Көл ГЭСинин курулушу – өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болду. Эсиңиздерде болсо керек, 2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны Министрлер Кабинети жактырып, бекитип берген эле. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган. Макулдашууга ылайык, Кара-Көл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Натыйжада курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлдү. Курулуш иштерин толугу менен ата-мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Эң башкысы, бул ГЭСтин курулушу менен аймактагы энергетикалык коопсуздук бекемделе баштады десек болот. Кара-Суу дарыясына курулган бул ГЭС заманбап технологиялык талаптарга жооп берген гидроэнергетикалык жабдуулар менен жабдылды.
Мамлекет Башчысы Садыр Жапаров Кара-Көл ГЭСинин ачылышында сөз сүйлөп, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай каларыбызды белгиледи.
“Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул кылым курулушун – улуттук масштабдагы долбоорду ишке ашырууда эл аралык каржы уюмдары биз менен кызматташууга даяр. Учурда биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат. Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз. Мындан сырткары, азыр ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, биз кышкысын импорт албай, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат. Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз” деди Президент.
Акыркы жылдары “жашыл энергетиканы” өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы маалым. Бул багытта инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлүп, туруктуу саясат, ачык-айкын жана адилеттүү чөйрө, өз ара ишенимге негизделген мамиле жолго коюлууда. Буга айкын мисал катары бүгүн ачылып жаткан Кара-Көл ГЭСин алсак болот. Долбоор толугу менен ата мекендик инвестор – “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылды. Макулдашууга ылайык, бул ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине, башкача айтканда, 100 пайыз мамлекетке өткөрүп берет. Бүгүнкү мамлекеттик саясат ушундай жүрүүдө. Бул мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктүн айкын үлгүсү десек жаңылышпайбыз.
Кара-Көл ГЭСинин салынышы менен өлкөбүз өтө зор жаратылыш ресурстарына ээ экендиги дагы бир жолу далилденди. Чынын айтыш керек, “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, Кудай берген мүмкүнчүлүктү биз толук колдонбой келдик. Тоо аралап агып жаткан сууларыбызды жана дарыяларыбызды эми гана натыйжалуу пайдаланууга аракет кылып, мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө жан үрөп баштадык. Муну бийлик башына келген жетекчилер 30 жыл мурун жасашы керек болчу. Тилекке каршы, алар жеке кызыкчылыгын гана ишке ашырып, энергетика тармагында бир да иш жасабай, бүгүнкү кризисти түзүп кетишти. Андан чыгалбай отурабыз.
Бирок, жаман эмес. Кырдаал беш жыл мурункуга салыштырсак кыйла жакшырды. 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 млрд сом же 1,5 млрд долларды түзгөн. Энергетика тармагында жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылуунун натыйжасында абал өзгөрдү. Азыр болгону 25 млрд сом карызы калды. Кийинки жылдын аягына чейин мындан толук кутулуп, киреше алганга жетишкени турабыз. Беш жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик.
Ушул жерден белгилей кетишибиз керек, жогорудагы энергетика тармагындагы 137 млрд сомдук карыз Атамбаевдин учурунда чогулган. Ал башкарган жылдары Казакстан жана Өзбекстандан жайы-кышы дебей 1 кВт электр энергияны 5 сомдон алып, элге 1,5 сомго чейин гана саткан. Ортодогу ар бир кВт энергиядан болгон 3,5 сомдун тегерегиндеги айырмачылык энергетикалык компанияларга карыз болуп чогулган. Натыйжада бир дагы ГЭС салынмак түгүл, энергетика тармагындагы жабдуулар жаңыланбай калган. Башкача айтканда, Атамбаев алты жылдык башкаруусунда ошол учурда элге жаккан, бирок кийин келечек үчүн чоң көйгөй жарата турган кырдаалды түзүп кеткен. “Азыр карызга ала берели, мен кеткенден кийин эмне болсо – ошо болсун!” деген өзүнүн кулк-мүнөзүнө жарашкан саясатты жүргүзгөн.
Эгер бүгүнкү бийлик дагы так ошол Атамбаевдей саясат жүргүзгөндө, бардык тармактай эле энергетика биротоло кыйрамак. Ансыз да иштен дээрлик чыгып калган жабдуулар биротоло талкаланмак. Бактыбызга жараша Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев элдин камын ойлоп, келечекти бүдөмүккө таштаган жок. Бардык тармакта өзгөрүү башталып, өнүгүүгө багыт алды. Уурдалган мүлктөр күн сайын кайтарылып жатат. Жогоруда белгиленгендей, жыл сайын ондогон чакан ГЭСтер курулуп ишке берилүүдө. Энергетикалык жетишпестикти толуктоо үчүн кыштын күнү 1 кВт энергияны орточо 3 сомдон, өздүк наркы менен кошуналардан алып жатабыз. Бул – чыныгы тең өнөктөштүк. Биз багыт алган жолубуздан тайбай, биримдик менен ийгиликтерди камсыздашыбыз зарыл.
Зулпукаар Сапанов

