"Эркин-Тоо"

Электр энергиясынын экспорту азайды

Тажикстанда электр энергиясын экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу  Тажикстандын Статистика агенттиги билдирди. Экспорттун азайышынын чоо-жайы так эмес. Тажикстан түзүлгөн келишимдерге ылайык, Ооганстанга жыл бою, ал эми Өзбекстанга жазында жана жайында электр энергиясын берип турат. Маалымат каражаттары ушул күндөрү Тажикстандын аймактарында жарык тез-тез өчүрүлүп жатканын жазышууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!