Өлкөдө электр энергиясынын керектөөчүлөрү 10 пайызга чейин өсүүдө. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин мониторинг жана комплекстүү талдоо бөлүмүнүн башчысы Бектеналы Эгемберди уулу билдирди.
» Жылдан-жылга электр энергиясынын керектөөчүлөрү 3төн 10 пайызга чейин өсүүдө. Мындан улам энергетикалык компаниялар чыгымга учуроодо (8,1 миллиард сом). Башкача айтканда, биз ар бир абонентти электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кошумча дагы 8,1 миллиард сом табышыбыз керек болууда. Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруу керек. Ошондуктан тарифтерди көтөрүүгө аргасыз болуп жатабыз. 23-октябрдан тарта тиричиликтик эмес абоненттер үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулады. Тактап айтканда кафелер, ресторандар, сулуулук салондор, жеке билим берүү мекемелери, бала бакчалар. Эми алар 3 сом 76 тыйындан төлөшөт», — деген Эгемберди уулу ММКлардын бирине берген маегинде .