"Эркин-Тоо"

Электр энергиясыз калуу коркунучу бар

Афганистандын Герат шаарында электр энергия таңкысытыгы пайда болуп, өндүрүш активдүүлүгү 70 пайызга төмөндөп кетти. Бул тууралуу Khaama Press билдирди. Өнөр жай активдүүлүгүнүн төмөндөшү жергиликтүү калк үчүн миңдеген жумуш орундарын жоготууга алып келгени айтылууда.  Эске салсак, Герат шаарынын өнөр жай борборун камтыган маанилүү бөлүгү Ирандан импорттолгон электр энергиясына көз каранды болчу.  Бирок, акыркы бир жумада Ирандан энергия импортунун көлөмү 70% кыскарган. Быйыл Иран коңшу өлкөлөргө экспорттогон энергиянын  көлөмүн  кескин түрдө кыскартууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!