"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Электрондук билет сатуу балык чарбасына 11 млн сом киреше алып келди

Балык чарбасында билеттерди электрондук түрдө сатууга өтүү кирешени бир нече эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, мурда балык уулоо билетин сатуу аркылуу жылына орто эсеп менен 2 млн сом түшчү. Санариптик система киргизилген соң, быйыл болгону 10 айдын ичинде 11 млн сом киреше чогулду.

Төрөбаев бул өсүштү ачык-айкындыкка, ортомчуларды жоюуга жана процесстердин толук электрондоштурулушуна байланыштырды.

Министрликтин анализи көрсөткөндөй, 27 мамлекеттик кызматтын ичинен азырынча үчөө гана толук автоматташкан. Санариптештирүүдө Балык чарба департаменти лидерлик кылууда.