Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык аймагында 18-июнда «Элеттик аялдар» күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субакожоев жана 16 айыл аймагынан келген ишкер, демилгелүү аялдардын тобу катышышты.
Иш-чараны өткөрүү демилгеси “ДИА” (Демилгелүү ишкер аялдар) коомдук уюмуна таандык болуп, КараСуу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан колдоого алынган. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин атынан бул күнү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө салым кошкон элеттик аялдардын өзгөчө аракеттерин белгилеген Эрнис Толтоев, алардын жөндөмдөрүн жогорулатуу багытында аткарылып жаткан жумуштарга токтолуп, өзгөчөлөнгөн инсандарга Ардак грамота, баалуу белектер тапшырылды. Иш-чарада элеттик айымдардын колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.
ДИА коомунун төрайымы Авазкан ОРМОНОВА:
— ДИА демилгелуу ишкер айымдар коому жана райондук администрация менен биргеликте 16 айыл өкмөт менен бир шаарда “Элеттик аялдардын” күнүн белгиледик. Биз бул ишчараны уюштуруу менен элеттеги ийгиликтүү айымдардын иш тажрыйбасын көрсөтүп, айылдар арасында тажрыйба алмашууну максат кылганбыз. Элеттеги айымдар азыр активдүү түрдө өлкөбүздүн экономикасына, саясий өнүгүүсүнө өздөрүнүн салымдарын кошуп келе жатышат. Ошону менен бирге аларда көйгөйлүү маселелер дагы бар. «Элеттик аялдар» күнүн белгилеп жатып, аялдардын ден соолугуна кам көрүү, аларга жардам берүү боюнча да маселелер ортого коюлуп, докладдар окулду. Кыргызстандын калкынын 50 пайыздан ашыгын аялдар түзөт. Алардын 65 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашашат. Элеттик аялдардын негизги киреше булагы – жер иштетүүдөн экендиги да белгилүү. Ошондуктан санариптештирүү саясаты жүрүп жатканда биз элеттик аялдар кантип өнүгүүсү керек экендигин жана лидерлик сапатты жогорулатууда кандай аракетте болуу керектигин айтып бердик.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№49 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-июну