"Эркин-Тоо"
Саясаттан сырт Эркин Тоо гезити

Элмурза САТЫБАЛДИЕВ: «ЭҢ ЭЛЕ АЛЫС БАРЫП ЭС АЛГАНЫМ – ӨЗГӨН»

Коомдук жана мамлекеттик жооптуу кызматтарда кесипкөйлүгүн көргөзө билген Элмурза Сатыбалдиев ар тараптуу адам. Жакшы ырдайт, спорт менен дос, чарбачыл. Кандай кырдаалда болбосун туруктуу жүзүбар. Кесиптик да, турмуштук да бай тажрыйбага ээ инсан бизге адаттагысындай ачылып маек куруп берди.

— Элмурза Ракиевич, ата конушуңуз Салам-Алик айылы тууралуу эмне айта аласыз, аталышына кызыгып көрсөңүз керек?

— Чечмелеп бере албасам да, өтө ыйык, кереметтүүжер экендиги менен мактана алам. Кеп деле жөн жерден чыкпайт да, угушум боюнча эки олуя учурашкандыктан ушундай аталып калыптыр. Айылыбызда эки олуянын бирөөсүнүн күмбөзүбар. XI кылымга таандык аталган күмбөз менин ата конушумдун так үстүндө. Күмбөз менен Өзгөн мунарасы бирдей курулуш материалдарынан жасалгандыгы, бир убакта чыккан кыштардан тургузулганы экспертизада далилдениптир. Күмбөз эскирип, ураганы калгандыктан, жаңы кирпичтер менен тиреп, заманбап кылып оңдоп коюшкан. Бирок, ичинен караганда ал кирпичтер көрүнөт. Анын төмөн жагынан булак агып чыгат. Аны айылдыктар “Мазар булак” деп коюшат. Чынында өтө ыйык жай. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, биз анын баасын билбегенибиз менен коңшу өзбек эли дайыма келип, зыярат кылып турушат. Дарылык касиети бар аталган булактын суусунан алып кетишкендерин көрүп жүрөм. Айылымды аябай жакшы көрөм. Турмуштун түйшүгүнөн бошой калсам эле Өзгөнгө сапар тартам. Башкаларга окшоп чет жакка чыгып, курортторго барып эс албайм. Антип эс алган да эмесмин. Менин эң алыс барып эс алганым эле – Өзгөн району. Анан көлдүсүйүп жакшы көргөндүктөн, Ысык-Көлгө барам. Өзгөн эми табияты менен ыйыктыгы жуурулушкан бир керемет жай. Мактагандай болбоюн, насип кылса өз көзүңөр менен көрөрсүңөр. Биздин айылдан 30 чакырым өйдө чыкканда Кара-Шоро сейил багы бар. Андан Жазы суусу агып келет. Дарыяда экологиялык жактан таза маринка балыгы арбын. Биздин айылдан эң четки Он беш жашар айылына чейин жаңгак токою созулуп жатат. Жаңгактан бөлөк алча, жапайы алмалар өсөт. Ишкерлик кылам дегендерге мүмкүнчүлүк кенен. Жергиликтүүэл жемиштерден сок, компот кылып, жаңгактан кыям жасашат. Мен ушундай жерде туулуп өскөн тагдырыма ыраазымын.

— Эми саясаттан четтеп, эркин темада баарлашсак, адамдын тирүүчүлүктөгүалгачкы ооматы келген учур анын жаштыгы болот эмеспи. Сиздердин жаштыгыңар кандай өткөн? Кандай кийинип, кайда барып эс алып, эмне менен алек болчусуздар?

— Мектепти аяктагандан кийин апамдын каалоосу менен юрист болууну көздөдүм. Укук коргоонун ичинен прокурор болуу максатым бар болчу. Ошентип, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырмай болдум. Бирок, ал маалда тартип күчтүүболчу. Юридикалык факультетке тапшырыш үчүн эки жылдык эмгек тажрыйба керек эле. Ансыз алмак эмес. Ошондуктан мен аскерге кетип калдым. Эки жыл кызмат өтөп келгенден кийин тапшырып, өтпөй калдым. Ошентип 2 жыл иштеп, андан кийин тапшыргам.

Менин студенттик курагым аябай кызыктуу өттү. Советтер Союзунда тартип, эреже, сый-урмат деген адамдын алдыңкы фундаменталдык принциптери жашачу. Азыркылар менен биздин жаштык кездин айырмасы асман менен жердей. Көрүнгөн жерге түкүрүнүп, ар кайсы бурчта тамеки тартып турчу эмеспиз. Мугалимди, улууларды жана кыздарды сыйлап турчубуз. Мыкты окусаң да, эгер жүрүм-турумуң начар болсо сени окуудан четтетип салчу. Эптеп окууга өтүп алган, алдында чоң максаты бар мага окшогон балдар окуудан айдалып кетпейли деп коркот элек. Студенттер топ-топ болуп алып, курулуш отряддарына барчубуз. Студенттик отряддарда жүргөндө эң жакшы күндөр өтчү. Жаштар китепканаларга барып, өзүбүздүөнүктүрүүнүн үстүндө иштечүбүз. Ошондуктан ал кезде бардыгы билимдүү, маданияттуу болушчу. Биз деле дискотекаларга барчубуз. Сейил бактардын тазалыгын айтпа, тынчтык өкүм сүрүп турчу. Тынч, таза болгондуктан, сейил бакта отуруп китеп окуу биздин мыкты эс алуубуз болуп эсептелчү. Мына ушунтип жаштыгыбыз өттү.

— Балдар менен мушташып, тентектик кылган учурлар деле болду да?..

— Эркек бала болгондон кийин ансыз болчу беле, сөзсүз болот да. Эркек өзүнө тиешелүүнерсени коргошу зарыл. Мекениң, ата-энең, сүйгөн кызың – сенин коргооңо муктаж. А бул нерселер кантип мушташуусуз болсун. Ошондуктан мушташкан эмесмин десем, калп айткан болуп калам. Бирок, жатаканада студенттер кеңешинин төрагасы, университетте комсомол комитетинин башчысы болгондуктан, анчейин тартип бузуп, тентектик кыла алчу эмесмин. Өзүм биринчи үлгүболоюн деп, көп нерседен өзүмдүчектеп турчумун.

— Ошол лидерлик сапат калыптанабы же табияттан берилеби? Мисалы, сиздики?..

— Менимче лидерлик сапат табияттан берилет. Кыргыздар аны дээринде бар, идиреги бар деп коет. Аны сен болгону өнүктүрүп, өөрчүтүп кете аласың. Мен 1-класска барганда класском болгом. Ошол бойдон жетекчилик кызматтарда келе жатам. Класском, староста, аскерде жүргөндө старшина, студенттик кезде студенттердин кеңешинин төрагасы болдум. Бирок, лидерлик сапат дээриңде болбосо, канча аракет кылсаң деле лидер боло албайсың. Анткен менен лидерлик сапат бар экени өзүңө билинбей, аны жаныңдагылар байкайт экен. Ал эми мыкты билим, жакшы жүрүм-турум лидерликти өөрчүтөт. Ал жагы эми өзүңдөн.

— Жашоодо үлгүалып, кеп-кеңешин угуп, таасир алган адамыңыз катары кимди айта аласыз?

— Мен ушул суроого жооп берээрде дайыма тайсалдайм. Себеби, бир дагы адамды айта албайт экенмин. Менде үлгүболгон адамдар көп, бирок ошонун таасири тийип, тарбиялап, жашоодо устат болгон адам жок экен. Мага өзүмдүн тажрыйбам устат болуп, мамлекет тарбиялады. Бүгүнкүкүндө дагы алган тажрыйбаларым мага устат болуп жатат. Бирок, сыйлап-урматтаган жетекчилер сөзсүз болгон.

— «Жаман душман – эски достон чыгаарына» ишенесизби?

— Душмандын жаман-жакшысы болбойт. Бирок, досуңдун душман чыкканы жаман экени анык. Анткени, сенин сырыңды досуңдан башка эч ким жакшы билбейт. Ал уруш тактикасына келгенде сенин ошол жаралуу жериңе же болбосо алсыз жагыңа урат. Башкача айтканда ал сенин алсыз жагыңды пайдаланып кетет. Мен достукту аябай жакшы түшүнөм. Достук сезими менде өтө күчтүү. Жашоо эрежем дагы ошондой. Досторум менен көп жүрөм, алардын колдоосунда болом. Бир нерсе болсо досторго кайрылам. Кимиси кандай дос экенин да айырмалай билем. Бирок, баарына бирдей мамиле жасап, ортодогу мамилени үзбөй жүрө берем. Сатып кеткен жаман досторумду деле жаныма алып жүрө бермейим бар. Анткени, табиятым ушундай экен, кек сактоо дегенди билбейм. Болбосо жашоодо мени кимдер капа кылбады дейсиң?

— Пендебиз го, ар бирибизде жакшы-жаман сапаттар бар дегендей, ай ушундан арылсам болот эле деп, арыла албай жүргөн адатыңыз кайсы?

— Бирөөгө аябай ишенип алмайым бар. Анын айткан кептерине эмес, мен күткөндөй мамиле кылат, ушунун колунан келет деп, ага ишеничтүүишенип алам. Анан ал адам менен кайра келишимди бузуу мен үчүн абдан татаал. Ошондуктан ишенээрдин алдында – ал сенин ишеничиңе татыктуу боло алабы, ошону ойлонушуң керек тура. Ушундай адамды ылгабаган жерим бар. Мен муну өзүмдүн кемчилигим катары көрөм. Дагы бир жаман жерим, тез чечим кабыл алып жиберем. Анан дайым эле мен күткөндөй жыйынтык болбой калат. Бул эми жаман сапатка киреби билбейм бирок, ушул нерседен көбүрөөк жабыркап калган учурум болот.

— Жакшы ырдаарыңызды, ыр жандуу экениңизди билебиз. Укук тармагын тандабаганыңызда балким искусство адамы болот белеңиз?

— Жок, мен искусство адамы боло албайт болчумун. Себеби, маданият адамы деп өзүмдүэч качан эсептеген эмесмин. Маданият деген кеңири түшүнүк да, ага өзүңдүалып жүргөнүң, жүрүм-турумуң, жашоо образың кирет. Ошондуктан, өзүмдүмаданияттын адамы катары элестете дагы албайм. Укук коргоо тармагынын адамы болбосом, бир жерде жакшынакай чарбакер жетекчи болмокмун. Мени жакындан билгендер дагы “союз маалында колхоз, совхозду башкарсаң, жакшы башкарма болмок экенсиң” деп тамашалап калышат. Чынында чарбаны жакшы көрөм.

— Ошол чарбачылыгыңызды үйдө колдоносузбу?

— Албетте, келинчегим экөөбүз тең аябай чарбакербиз. Шаар жеринде короо-жайлар чакан эмеспи, короодогу алакандай жерди да бош койбойбуз. Жубайым ар кайсы жер-жемиш, жашылчаларды айдап, чарбалык иштерин жүргүзөт. Ал менден өткөн чарбакер. Мен анын аркасынан көзөмөлдөп, бул туура эмес болуп калган окшойт деп кеңешимди айтып турам. Үйдөгүмырзага таандык, мырзанын колу керек болгон жумуштун бардыгын өзүм бүтүрөм. Негизи эркек адам чарбакер болгону жакшы го.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА