«Балдар үчүн диалог: Борбор Азия жана ЮНИСЕФ» форумунда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Эльнура Боронбаева балдар онкологиясы жаатындагы ийгиликтер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, он жыл мурда өлкөдө балдар онкологиясына арналган болгону 20 керебеттик бөлүм болгон. Стандартташтырылган дарылоо протоколдору жок болгон, диагностикалык мүмкүнчүлүктөр чектелүү эле, ал эми бүткүл өлкө боюнча болгону эки балдар онкологу иштеген. Мамлекеттик каржылоо жылына 1 млн сом менен чектелген.
Эльнура Боронбаеванын докладында төмөнкүдөй жыйынтыктар белгиленди:
- инфратүзүм жакшыртылды;
- адистердин саны көбөйдү;
- интенсивдүү жана паллиативдик терапия уюштурулду;
- дарылоонун жаңы ыкмаларын, анын ичинде нур терапиясын жана 14 жашар бейтапка алгачкы сөөк чучугун аутотрансплантациялоо киргизилди;
- лабораториялык диагностиканын деңгээли жакшыртылды;
- Диагностикаланган учурлардын саны жылына 70тен 200гө чейин көбөйдү;
-
Мамлекеттик каржылоо 200 эсеге өстү.
Белгилей кетсек, Кыргызстан дүйнөлүк ири медициналык борборлор – Нидерландыдагы Принцесса Максима борбору, АКШдагы St. Jude ооруканасы жана ДССУнун демилгелери менен кызматташууда.

