"Эркин-Тоо"

Эмдөө албагандар ооруп жатышат

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев кызылча оорусун жугузгандардын басымдуусу эмдөө албагандар болуп жаткандыгын билдирди.  Анын айтымында,  учурда ооруканадагы 500дөн ашуун бейтаптын 200ү кызылча оорусунан улам дарыланып жаткандар.

“Кызылча оорусун жугузгандардын 90%дан ашыгын эмдөө албагандар түзүп жатат. Алар убагында эмдөө алса, мындай абал жаралмак эмес. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө алуу зарылдыгын айтып жатса деле, эмдөөдөн баш тарткандар башкаларга ооруну жугузуп жатат. Кызылча оорусуна каршы эмдөө жүргүзүү аркылуу илдетти башкарса болот. Бул илдетке шек саналган учурда балдарды обочолонтуп, эл көп топтолгон жерлерге, оюн-зоокторго алып баруудан алыс болуу кажет”, — деген ал.

Пример HTML-страницы