Президенттик Администрацияда кызамык менен күрөшүү жана эмдөө иштерин күчөтүү боюнча чукул чаралар талкууланды. Жыйындын алкагында өзгөчө Бишкек, Чүй жана Ош облустарында кызамык оорусунун өсүшүнүн кооптуу тенденциялары талкууга алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигине эпидемиянын очоктору боюнча өзгөчө чаралардын комплекстүү планын иштеп чыгуу, аймактарды вакцина менен камсыз кылуу иштерин тездетүү тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов:
— Регион боюнча кызамык оорусунун чоң очогу бар. Өлкөдө өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жыл ичинде алты өлүм катталса, быйылкы жылдын январь жана февраль айларында эле бул оору сегиз баланын өмүрүн алган. Ар бир райондун жетекчиси коңгуроо кагып, кырдаалды жеке көзөмөлүнө алышы керек. Биз эмдөө менен жалпы камтууну камсыз кылуу боюнча күч-аракетибизди күчөтүшүбүз керек. Бул жерде балдарыбыздын өмүрү жана ден соолугу жөнүндө сөз болуп жатат. Өтө олуттуу мамиле кылуу зарыл.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев:
— Кызамык – бул кооптуу илдет. Бул оору олуттуу көйгөйлөргө жана өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Бирок бизде андан коргонуунун натыйжалуу каражаты – эмдөө жолу бар. Эмдөө коопсуз жана ал бүткүл дүйнөдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген. Эмдөө менен биз балдарыбыздын ден соолугун сактап, алардын дени сак адам болуп чоңоюшуна шарт түзө алабыз.
Саламаттык сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы Бүбүжан Камчыбекова:
— Өлкө боюнча 4055 кызамык учуру катталып, анын ичинен 8 учур өлүмгө алып келди. Оорунун алдын алуунун маанилүүсү – вакцина алуу. Ооругандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр болууда. Алардын ичинен 32%ы 1 жашка чейинки ымыркайлар. 44%ын эмдөөдөн ата-энелери баш тарткандар түзөт. Биз калктын айрым гана бөлүгү эмдетип жатканын байкап жатабыз. Биз талап кылып жаткан деңгээлден кыйла төмөн. Саламаттык сактоо министрлиги кызамык оорусун токтотуу үчүн 2 жашка чейинки балдар арасында профилактикалык эмдөөнү күчөтүү чараларын күчөттү. Биз ар бир ата-энеге кайрылабыз. Эмдөө медициналык процедура эмес, бул сиздин балаңыздын ден соолугуна кам көрүү. Балдарды олуттуу дарттардан сактаган эффективдүү кадам. Балаңызды эмдөө менен айланаңыздагы башка балдарды коргой аласыз. Айрыкча, ден соолугунда көйгөйү бар, эмдөө ала албаган шарттагы балдарды коргоп сактоого жардам бересиз. Эмдөө бардык илимий изилдөөдөн өтүп, натыйжалуу экенин унутпоо зарыл.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова:
— Калктын иммунизацияга болгон ишенимин жогорулатуу иш-чаралары күчөтүлөт. Аянычтуусу, 8 балабыз кызамыктан каза болуп калышты. Календардык негизде кызамыкка каршы ымыркайлар 1 жана 2 жашта эмделет. Бул вирусту эмдөө менен гана жеңебиз. Бизде негизги көйгөй – эмдөөдөн баш тарткандар болууда. Быйылкы жылы 19 760 эмдөөдөн баш тарткан учур катталды. Анын ичинде 44%ы коопсуздугуна шек саноо, 45%ы диний көз караштагы адамдар, 4%ы эмдөө боюнча маалымат жок деген себепти келтиришкендер. Өзгөчө, миграцияда жүргөн жарандар арасында эмдөөдөн өтпөгөндөр көбүрөөк. Акыркы жылдары өзгөчө жаш ата-энелер арасында эмдөөгө күмөн санагандар бар. Калган 9 пайызы башка себептерди жүйө келтиришет. Бул багытта коомдун ар түрдүү тармактарына жайылтуу аракеттери, анын алкагында диний уюмдар менен иштер улантылууда. Жакында эмдөө кампаниясы кеңири форматта иш алып барат. Анын алкагында аймактар арасында эмдөө боюнча маалыматтар адистер менен бирге ишке ашат.
Республикалык инфекциялык оорукананын башкы врачынын орун басары, инфекционист Нургүл Молдалиева:
— Ушул тапта инфекциялык ооруканада 143 бейтап кызамык менен дарыланып жатат. Жандандыруу бөлүмүндө 6 оорулуу бар. Анын ичинен кызамык менен ооруган 1 баланын абалы өтө оор. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Кайра жандандыруу бөлүмүбүздө акыркы 2 айда 58 кызамык менен ооругандар кайрылган. Биз ишибизди анализдегенде кызамык менен ооругандардын арасында 73%ы эмдөө албаган балдар экендиги аныкталды Бирок, кызамык жаш өзгөчөлүгүнө карабаган оору. Окумуштуулар кызамыкты, подъездүү оору дешет. Анткени, эмдөө албаган бала ооруса көп балдарга жугуу мүмкүнчүлүгү жогору деп айтылат. Кызамык тез таркайт. Ооруга ички, тышкы миграциянын абалы да таасир берет. Кызамык көбүнчө билинбей башталат. Мурундан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат. 1-2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине кызыл тактар чыгат, дене табы көтөрүлөт. Кызамык бизде эле эмес, дүйнөдө көп тараган оору. Айрыкча бала бакчага барган балдарга да кооптуу. Бир гана жолу эмдөө алуу – оорудан коргойт.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы