Кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын саны өсүп жатканын Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова билдирди. Анын айтымында, диний көз караштардан жана вакцинанын сапаты начар деп балдарына вакцина сайдырбагандар көп кездешип жатат. Көбү вакцинанын сапатынан күмөн санагандар. Мындан улам Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны өсүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13 миңден ашуун учуру катталган. Алардын көпчүлүгү кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар болгон.