Үшкүрүк… Көөдөндү жарып чыккан ыза… Муң… Ааламды азыркы тапта чулгап жаткан мындай илдеттен биздин апабыз да алыс боло албады. Ооба, аалам бушайманга түшүп, адамзат буулугуп, таажы ылаңы коркунучтун көлөкөсүндөй каптап келгенде биз сизди сактап кала албадык. Өмүрдөн капилеттен өткөн миңдеген адамдардын арасында биздин апабыз да күлүмсүрөгөн бойдон өмүрлүк жарын, балабакырасын таштап, кара жерди жазданып жатып калды. Энекем жашоонун жаркыны болчу. Анткени, ал өмүрдү абдан жакшы көрчү, ошондонбу, айтор, өмүр бою бул турмуштун ачуу-таттуусу, ызасы менен кубанычы, караңгысы менен жарыгын коштоп, өмүрдүн албуут күндөрү менен күрөшүп, аны жеңип келген. Бул сапар жеңилди, оору жеңди. Оору күчтүүлүк кылды, медицина тармагындагы кризис жүздөгөн адамдарды чалгы менен чапкандай өмүрүн алып тынды. Апам шаардан айылына, балдарына, журтуна баягыдай шатыра-шатман, күлүп-жайнап, тамаша кебин айтып кайткысы келди. Бирок, ал өзүнүн Кочкордогу үйү — ордолуу шаарына ый коштолгон табыт менен келди… Ураган шаардын калдыктарындай болуп, ишенип, ишене албай кагынып ыйлап турдук. Атам жалгыз калды, күнү батып, түнү түшкөндөй… Кыздары энесиз, сыр бөлүшөөр досу жок, алардын төркүнүндөгү чыныгы кичи Мекени ээсиз калды. Кошокко сөз табалбай, жер жаңырат “Энеке, энекебай!”. Балдары энекелеп жер таянат, эркелөөдөн жетим калып… Бишкектеги ооруканалардын биринде жаткан апам өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү калганын сезди, “уулум алып кет, алып кет мени айылга” — деди үзүлүп бара жатып…
Апам Нааматова Саткынбүбү 1942-жылы 6-сентябрда Кочкор районундагы Ак-Жар айылында туулган. 12 баланы, 30 неберени, 10 чөбөрөнү тарбиялап, турмуш жолуна койгон Баатыр эне. 1963-жылдан 2006-жылга чейин райондук электр тармактар мекемесинде жумушчу, электромонтер, диспетчер жана башкы контролер кызматтарында үзүрлүү эмгектенип келген. Алгачкы эмгек жолун 1963-жылы кубаттуулугу 368 кВт жана 184 кВт Кочкор ГЭСинде 21 жашында нөөмөтчү-электромонтердон баштаган. 1965-жылы жаңы курулган “Чолпон” жогорку чыңалуу көмөк чордонунда нөөмөтчү, электромонтер болуп эмгектенет. Көмөк чордондогу ошол кездеги заманбап орнотмолорду, айрыкча релелик коргоочу аппараттарды өздөштүргөн алгачкы кыргыз аял электриктеринин бири болгон. Чолпон аймактык электр тармагында нөөмөтчү кызматында иштеген мезгилинде 1963–1978-жылдары узундугу 39 км 110 кВ жогорку чыңалуудагы Кочкор – Сары-Булак жана узундугу 120 км 110 кВ жогорку чыңалуудагы Кочкор – Чаек электр аба чубалгылары, Бугучу, Кум-Дөбө, Ак-Жар №1, Ак-Жар №2 суу насос электрдик станцияларынын, малчылардын сарайларын электр менен камсыздоо үчүн ондогон трансформаторлордун чордону курулуп ишке берилген. 1978–1988-жылдары Кочкор электр тармактар ишканасынын “Кочкор” көмөк чордонунда диспетчер болуп иштеген. Бул мезгил аралыктарында Кочкор районунда 200дөн ашык трансформатор чордондору, узундугу 450 км болгон жогорку чыңалуудагы электрдик аба чубалгылары курулган. 1990–2006-жылдары аталган ишканада электр энергиясын көзөмөлдөө бөлүмүндө контролер-монтер болуп эмгектенген. Өндүрүштөгү жогорку көрсөткүчтөрү жана өзүнө берилген милдеттерди так жана адилет аткаргандыгы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. “1973-жылы Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү” төш белгиси, 1974-жылы республикалык масштабда “9- беш жылдыктын мыктысы” төш белгиси, Кыргызглавэнергонун, Нарын электр тармактар ишканасынын Ардак грамоталары, Эмгек артыкчылык медалдары, өлкөбүздүн энергетиктеринин ардагерлер кеңешинин “Эмгек ардагери” төш белгиси жана “ГОЭЛРОго 100” жыл медалы менен сыйланган. Апабыз Нааматова Саткынбүбү кыргыздын улуттук электр тармагына, анын ичинде Кочкор РЭСинин түптөлүп, өнүгүшүнө салым кошкон тунгуч электрик аялдардын бири болгон. Аял башы менен уялып, тартынбастан, коркпостон зым карагайларга чыгып, аба чубалгыларын тартып, жогорку чыңалуудагы электр чордондорун башкарып, эркектер менен тең тайлашып иштеп, ошол учурда 12 уул, кызды өстүрүп, тарбиялаган. 1978-жылы 10 уулкызды өстүрүп, тарбиялагандыгы үчүн СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун указы менен “Баатыр эне” наамы ыйгарылган. Улуттук энергетика тармагына кошкон салымынан тышкары, өмүрлүк жолдошу атабыз Кадыров Аман менен жарым кылым мезгилде ондогон кесипкөй жана өз ишин так билген адистерди тарбиялап, өстүрүп чыгарды.
Ата-эне кесибин улантып, азыркы мезгилде 7 уул-кызы, 5 небереси кыргыз улуттук энергетикасын өнүктүрүүдө жана энергетика багытында адистерди даярдоодо өзүлөрүнүн салымдарын кошуп келет. Бактылуу үй-бүлөнүн баатыр энеси, дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп, уул-кыздарынын жана неберелеринин урматсыйына арзып, төрдүн көркү болуп отурган эмгек ардагери Саткынбүбү Нааматова апабыз каргашалуу 2020-жылдын 15-июлунда дүйнөнү каптаган күтүлбөгөн оорунун айынан жарык дүйнө менен кош айтышты. Ага-тууган элин, куда сөөгүн, бир туугандарын, балдарын, неберелерин өзүнөн да жакшы көргөн апабыздан ажырап кала бердик…
Кыргыз энергетикасынын түптөлүшүнө арнаган жаратман эмгегин жана өрнөктүү өмүрүн эске алуу менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун” башкы дирекциясынын чечиминин негизинде апабыз Саткынбүбү Нааматованын ысымы өзү эмгектенген Кочкор районундагы 110/35/10 кВ Чолпон көмөк чордонуна ыйгарылды. Өмүр бою энергетика тармагында иштеген атабыз Аман Кадыров, ата-энебиздин жолун жолдогон уул-кыздары, неберелери зор кубаныч, көз жаш менен кубанып, анын ачылыш аземине даярданып жатабыз. Эң башкысы, апабыз Саткынбүбү Нааматованын арбагы ыраазы болсо болгону. Биз үчүн ошол олжо…
Чолпонбек Кадыров, И.Раззаков атындагы КМТУнун жана “Москва энергетикалык институтунун” илимий изилдөө университетинин доценти, техника илимдеринин кандидаты