Бишкекте БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДП) @wfp_kyrgyzstan жана биздин “Өнүгүү демилгелери агенттиги” (ADI) КФ кызматкерлеринин 2 күндүк жумушчу жолугушуусу өттү. Жумушчу кеңешменин максаты – “Эмгек үчүн акчалай жардам” жана “Эмгек жана окуу үчүн продукция” компоненттери боюнча аткарылган иштерди кароо жана мындан аркы биргелешкен иш-чаралардын планынын кадамдарын талкуулоо.
Жыйынга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкектеги жана Оштогу кеңселеринин кызматкерлери (онлайн), Бишкектеги ADI командасы, ошондой эле долбоордун демилгелери ишке ашырылып жаткан өлкөнүн аймактарынан эки компоненттин мониторингчилери катышты.
Жолугушуунун катышуучулары долбоордун демилгелерин ишке ашыруунун түрдүү аспектилерин талкуулап, пикир алмашышты. Мындан тышкары, аймактык байкоочулар аларды кызыктырган бардык маселелер боюнча программанын адистеринен түз кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Катышуучулар белгилегендей, мындай жумушчу жолугушуулар пайдалуу жана аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.