"Эркин-Тоо"

Эмгек акыга деп 6 млн сом уурдаган мурдагы башкы бухгалтер кармалды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен ведомствонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп, агенттиктин С.Н.К. аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарышкандыгы жана өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» МИнин башкы бухгалтери С.Н.К кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!