Кыргызстандыктар үчүн 7-ноябрь иш күнү болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдады.
Өлкөдө 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болгондугуна байланыштуу иш күнү бир саатка кыскартылат. Ошол эле учурда 8-ноябрь 6 күндүк графиги бар кызматкерлер үчүн иш күнү болуп эсептелет.