"Эркин-Тоо"

Эмгек министрлиги: Майрамдарга байланыштуу төлөмдөр кечеңдеди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, май айына карата социалдык төлөмдөр жана жөлөкпулдар 14-15-май күндөрү жарандардын банктык карталарына которулат.

«Майрам күндөрүнө байланыштуу (1–11-май) төлөмдөр убактылуу токтотулган. Бирок 13-майда министрлик каражаттарды райондук башкармалыктардын эсептерине которуп бүтүргөн. Учурда акчалар жарандардын жеке эсептерине которулууда. «, — деп маалымдады министрлик.