Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка өткөрүү максатында иштелип чыккан.
Автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) киргизүү каттарды жана башка кагаз корреспонденцияларды жөнөтүү жана жеткирүү убактысын бир кыйла кыскартты», — деп айтылат маалыматта.