"Эркин-Тоо"

Эмгек рыногун жөнгө салуу керек

Мурунку бийликтин учурунда элибиздин, айрыкча жумушка жарамдуу жаштарыбыздын чет өлкөгө иш издеп чыгып кетип жатканына Президент баш болуп, бир дагы чиновниктин башы ооручу эмес. Ошол эле учурда миграцияда жүргөн жарандарыбыздын Кыргызстанга жөнөткөн акчаларын санап, отчет бергенден уялбай жүрүштү. Чынында сыртта иштеп жүргөн жарандарыбыз өзүнүн жанын багуу менен бирге бир жылдык бюджетибизге тете акча каражатын  өз өлкөсүнө жөнөтүп, экономикабызга эбегейсиз салым кошушканын унутууга акыбыз жок.

Бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал өзгөрдү. Мамлекет жумушчу күчүнө муктаж болуп турат. Айрым маалыматтарга караганда, жети миңдей жумуш оруну бош турат. Тигүүчү, курулушчу, ширетүүчү жана башка учур талап кылган кесиптин ээлерин  күткөн ишканалар көп. Бул эмнени түшүндүрөт?

Биринчиден, өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан социалдык-экономикалык саясат туура жолго коюлгандыгын айгинелейт. Экинчиден, өлкөнүн экономикасы өрүш алып, өндүрүш жанданганын билдирет. Анда эмесе сөзүбүздү цифралар менен тастыктайлы.

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ЕАЭБдин мамлекеттик бюджети Кыргызстанда гана профицит менен аткарылыптыр. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда бюджеттин профицити 5,8 миллиард сомду түзсө, Арменияда  бюджеттик тартыштык — 0,9 миллиард драмды, Казакстанда  — 1 триллион тенгеден ашык, Россияда тартыштык – 295,3 миллиард рублдан ашкан сумманы түзгөн.

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 1,2 трлн. сомго жетип, 2014-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү. Тышкы соода жүгүртүүсү 2015-жылдан 2023-жылга чейин 2,8 эсеге, же болбосо 5,6 миллиард доллардан 15,7 миллиард долларга, анын ичинде экспорт 2,2 эсеге көбөйдү. Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода 2015-жылдан бери болжол менен 1,8 эсеге өсүп, 2023-жылы 4,4 млрд долларды түздү. Мунун баары расмий маалымат. “Кумтөрдөн” 1994-жылдан 2021-жылдын май айына чейин алынган дивиденддер 100 миллион долларды түзсө, акыркы эки жарым жыл ичинде өлкөнүн бюджетине 300 миллион доллар киреше түшкөнүн жакында эле Министрлер Кабинетинин төрагасы билдирди.

Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалын эске ала турган болсок, миграциялык саясатты өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыкканын байкоого болот. Анткени, мурда ишке жарамдуу жарандарыбыздын сыртка чыгуусу боюнча маалымат топтоп келген тиешелүү мамлекеттик мекемелер эми биздин өлкөбүзгө кире турган мигранттардын жумуш менен камсыз болуусуна, алардын укугун коргоого, ички мыйзамдарды так аткарышына шарт түзүүгө киришпесе болбойт. Анткени, Кыргызстан жумушчу күчүн импоттогон өлкөгө айланып баратканы жакында болуп өткөн окуялар далилдеди. Азыр ишканалар чет жактан келе турган жумушчу күчүнө квотаны көбөйтүү маселесин коё баштады. Ошол эле учурда өлкөбүздө миграциялык процесс дале күчүндө. Жаштардын аң-сезимине уюп калган “Кыргызстандан кетүү керек” деген дымагы менен Россия, Америка, Дубай жана башка өлкөлөрдү эңсегендердин мекенчил сезимин ойготуп, өз өлкөсүндө калуусунун үстүндө иштөө кажет. Чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткан жаштардын бир эле маселеси бар экен. Ал – турак жай менен камсыз болуу. Кыргызстандагы айлык акы менен каражат топтоп турак жай алууга мүмкүн эместигин айтышат. Ошондуктан мамлекеттин башкы вазийпасы — жеткиликтүү баадагы турак жай менен камсыз кылуу, социалдык кепилдиктерди так аткаруу.  Кыргызстанда турак жай программалары акырындык менен ишке аша баштаганы менен муктаждыкты толук жабары күмөн. Ушундан улам, эмгекке жарамдуу каруу-күчү толуп турган жаштарыбызды өз мекенинде ишетиши үчүн мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо максаттуу жүзөгө ашырылышы абзел.  Мындай саясат эң оболу өлкөдөгү демографиялык процесстин калыптанышына өбөлгө түзөрү талашсыз. Чет жактан келген жумушчу күчү деле керек. Эми аларды рыноктун талаптары өзү иргеп алары талашсыз.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№42 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 4-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!