Эмгек рыногунда 7 848 бош орун бар

22-август, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
 Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги  учурда эмгек рыногунда 7848 орун бош турганын кабарлады. Вакансияны анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү адистер жетишпейт:

Тигүүчүлүк — 2 112;

Кызмат көрсөтүү (чачтарач, маникюр мастери, официант, косметолог, курьер, ашпозчу, кондитер ж.б.) — 1034;

айдоочулар — 617;

медициналык тармак (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, санитарлар) — 587;

курулуш (механик, ширетүүчү, жыгач уста, темир уста, бетон куюучу) — 576;

бала бакчадагы тарбиячылар менен мектептеги мугалимдер — 203;

кассирлер — 186;

түрдүү адистер — 150;

сатуу боюнча агенттер — 115;

менеджерлер — 46

бухгалтерлер — 39;

юристтер— 32;

экономисттер — 29;

инженер-механиктер — 13;

психологдор — 13.

Жумушка орношуу тууралуу кененирээк zanyatost.kg веб-порталынан же иш менен камсыз кылуунун аймактык кызматтарынан билүүгө болот.
22-август, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X