12-сентябрда өлкө жана эл алдында эмгек сиңирген мыкты инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасына жана элине сиңирген эмгеги үчүн «КР Баатыры» аттуу жогорку артыкчылык даражасына— мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Суеркуловго, академик жана хирург Иса Ахунбаев татыктуу деп табылды.
Ошондой эле аталган иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, жазуучулар, инженерлер, жаңы заманбап тармактардын адистери жана башкалар катышты.
Кошумчалай кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» артыкчылык даражасын ыйгаруу, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.