"Эркин-Тоо"

Эмгектен баар тапкандар

Кут даарыган Сары-Өзөндөн өмүр барак, таржымалы тарыхта ташка тамга баскандай калган нечен мыкты инсандар, эмгектен баар тапкандар жарк этип чыккан. Айталык, талаа ханышасы эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры Зууракан Кайназарова, Социалисттик Эмгектин Баатыры Ысак Кочкорбаев баш болгон асыл адамдарды айта берсек, өзүнчө эле керемет. Бир сөз менен айтканда эл-жер үчүн мээнеттенишип, Мекен жүгүн көтөргөн да, көкөлөткөн да мына ушул улуу уул-кыздарыбыз. Өрнөктөрү өчпөс жылдыз! Атаганат эгемендүү өлкөгө айландык деп кубанганыбыз менен тээ токсонунчу жылдары баш аламандык менен базар шартына баш багып, жеке менчик такандап, менчиктештирүү баш аламандык менен башталып, айтор, кайран айыл чарба тармактарын чилдей таратып, талкалап алдык. Өлкөбүздүн экономикасын чыңдоого зор салым кошкондор, кайран жер иштетип, мал баккандардын омкорулган ордун кайрадан толтуруу оңой болбоду.

Армандарды кайталап айтып, артка кайрылуунун, кайгыруунун азыр зарылы жок. Алга, алдыга карай жол салган эмгекчил эр азаматтардын доору келди. Чачылганды жыйнашкан азыркы асыл каармандардын сап башында Ысык-Ата районундагы “Тазажан” үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын башчысы Коомбаева Анара Абдылдаевна турат. Коомбаевдердин коомчулукка аттын кашкасындай таанылып, атак-даңктарынын таш жарганы — бүлүнгөн айыл чарба тармагынын тамырын кайрадан жайылтышып жатканы. Жер иштетип баар тапкан, талаа ханышасы Зууракан Кайназарова эжебиздин артында Анарадай сиңдилери бар турбайбы? Каниет кылалы.

Аталган чарбанын түптөлгөнүнө жыйырма жылдан ашып баратат.

Бүгүнкү ийгиликтин башаты ошол оор жылдарга барып такалат. Анткени айыл аймактарды өнүктүрүү өйдөлөбөй эле төмөндөп турган убак. Мына ушундай кыйын мезгилде өмүрлүк жубайы Закир Казымкулович Коомбаев Туз айыл аймагынын өкмөт башчылыгына шайланды, жетекчилик эки-тизгин бир чылбырды колуна алды. «Кесиби боюнча зоотехник-жетекчилик кесипти аркалап, эл ишенимин актай алар бекен?” деген суроо туулуп турган. Калп айткан менен болбос, көйгөйлөр көп, кайсы бирине жетишет?! Жаш жетекчи үйүнө чарчап, чаалыгып келгенде, эл үчүн кызмат кылуу артык экенин айтып, Анарасы жадырап тосуп, колдоп турар эле. Ырас эле өчүп бараткан үмүтүн жандырып, Анарасы периштедей дем берип турбаганда: “Кечтим өкмөт башчылыктан!” деп кол шилтеп коштошуп кете бермек. Чыйралды, шыктанды эл сынынан өтүү үчүн бүткүл күчүн жумшады. Бүлүнгөн чарбаны мүмкүнчүлүктүн жетишинче бүтүн кылууну көздөй баштаган. Анткени, үлүшкө тийген 1-2-3- гектар жерди өз алдыларынча иштетүү ар бирине оорго турган. Техника жетишпей, атаганат иштетилбей далай жер как талаага айланган.

Үй-бүлөлүк тылы бекем болгондуктан, Закир Казымкулович мамлекеттик жана муниципалдык жооптуу кызматтардын да майын чыгара иштеп, алагды болбогон. Айыл өкмөт башчылыгынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басарлыгына көтөрүлдү. Жалпы райондун экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүн көтөрүү багытында жаңычылдыгын көрсөттү. Ошондой эле Бишкек шаардык “Зеленстрой” муниципалдык ишканасын жетектеди. Эң башкысы Анарасы жетектеп колго алган “Тазажан” үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүүгө жакындан жардамдашып, колдоп мына бүгүнкү күндө жер иштетип, мал баккан баба-дыйкан, фермерлердин жеңилин жерден, оорун жондон алышууда. Билимин Закир тереңдетти, юристтик экинчи кесибинин пайдасын көрүп жаткандыктан балдарына, жалпы эле жаштарга айтар кеңеши: “Билимге умтулгула! Санарип замандын туу башында болгула”

— Бүгүнкү күндө 1150 гектар аянтты иштетебиз. Сапаттуу үрөнсүз, жер семирткичсиз түшүм мол болбойт. Бул багытта Россия менен кызматташабыз, алар менен алакабыз тыкыз. Ал эми суу жарыктык адам баласынын гана өмүр булагы болбостон, мол түшүм алуунун өмүр булагы эмеспи. Тилекке каршы, суунун мекени кыргыз элинде сууга болгон мамиле начар. Сууну баалоо, барктоо капарыбыздан чыккан. Бекер агып жаткандай таш боордук менен ушул убакка чейин убал, сообуна карабай келдик. Ошондон улам чыгар суу тартыштыгы бар. Суу чарба жана ирригациялык тармак кайсы гана жерлерде болбосун түп тамырынан оңдоого муктаж.

Биз мына ушул сугат маселесин сарамжалдуулук менен чечүү үчүн не деген гана эмгектерди кылбадык. Акыры биз айтылган сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында өнүккөн өлкөлөрдүн жер иштетүүдөгү артыкчылыктарына кызыгып, байланышууну көздөп калдык.

Айталык, арык менен сугарганда суу эгилгендерге тегиз жетпейт, баштан аяк желген сууну жетелеп олтуруу опуртал. Суу коромжу болуп, ойдогудай оомат келбейт. Ошондуктан биз сугат боюнча заманбап, жетишерлик маалымат менен куралданып, артынан сая түшө баштадык. Жүгөрү кургаткыч аппарат “Мекмар”, жамгырлатып сугаруучу техника “Окмис”, “Ирриланд” баары Италиядан келген. 80 метр жерди чапчыйт. Шлангдын узуну 250 метр. 1 тамчы суу текке кетпейт. Мисалы, миңдеген гектар жерди мурдагыдай арык аркылуу сугаруу үчүн бир канча сугатчыны кармоого туура келет. Кетмендерин көтөрүп керелден кечке суу артынан түшкөн сугатчылардын мээнети толук кандуу кайтпайт. Алар канчалык мээнет кылышпасын тегиз сугаруу арсар. Бир жерине суу кенен жетсе, бир жерине кем жетет. Ошондой эле түшүм да бир кылка болбойт. Ал эми биздин Италиядан алып келинген сугаруучу заманбап аппаратка 1 гана киши бекитилет. Суу талаага бекер кетпейт. Суу тегиз жеткендиктен албетте, түшүм да жакшы болот. Эң башкысы суу боюнча чыгым кыскарат,- дейт Анара.

Ошентип, “Тазажан” үрөнчүлүк чарбасынын иштери илгерилеп, сугаруу боюнча көйгөйлөрү кыскарды. Заманбап аталган техниканын сугаруу ыкмаларын көрүү үчүн туш-тараптан түрүлүп баба-дыйкан, фермердик чарбалардын, ошондой эле агрардык тармак менен шугулданган жетекчилер келишип, семинаркеңешмелер уюштурулду. Теле, радио, гезиттин кабарчылары да келишип, аттары алыска кетти. Жалпыга маалымдоо каражаттары Коомбаевдердин жарк эткен жаңылыктарын таратып, бир райондун эле эмес, жалпы Республиканын сыймыгына айланды.

Бул чарбанын артыкчылыгы жеке эле өз чарбаларынын эле казанында кайнашпастан элдин да казанын кайнатышат. Жерин иштетүүгө жардам сурап келгендердин жерин иштетип, сапаттуу үрөнү менен зарыл жер семирткичтерин сээп, сугарып, күзүндө түшүмдөрүн жыйнап беришет. Эгерде бул чыңдалган чарба болбогондо, жерлерин айдоо, себүү жана түшүмдөрүн жыйноо маалында техникаларды издеп, убара болушуп, албетте, аябай чоң чыгым тартышмак. Алыстан чакырылган техника ээлери албетте, эмгек акысын кымбат алышмак. Чөнтөгү жука жер ээлеринин тапканынан да зыяны арбын болмок. Анаралар да кылган кызматтарына жараша эмгек акыларын алышат. Бир жакшы жери элдин пайдасы жакшы болгондуктан нааразычылыктар жок.

Техника демекчи, каркырадай тизилген комбайн, трактор, жүк ташуучу машиналары, сугаруучу, жүгөрү тазалоочу техникалары райондун бардык айыл аймактарындагы жардам сурагандар үчүн кызмат кылышууда. Эгинди тазалай турган заманбап жабдууну да Россиядан алышкан. Азыр үзүрүн көрүшүүдө. Тазаланган сапаттуу 1-репродукциядагы эгин жана элита үрөндөрүн сатышат. Алуучулар ыраазы. Дотацияда турган дыйкандарга колдоо максатында үрөндөрдү 30 пайызга арзандатып беришет.

Былтыр кылкандуу дан эгиндеринин ар гектарынан 40-45 центнерден түшүм алышкан. 200 гектарга айдалган жүгөрүнүн да түшүмү зор болду. 150 гектарга кант кызылчасын себишкен, кант, кум шекер берекесин берди.

2004-жылы түптөлгөн чарбанын азыр канат бутагы жайылууда. Алдыдагы зор максат кооперативдик чарбаны түзүү болуп саналат. Буйруса, аткарылчу да күндөр келет. Кандай гана кыйын күндөр өтпөдү?! Баягы 1-2 гектар жерди да иштете албай баш каткан мезгил эстен кетерби? Ал эми бүгүн Коомбаевдер аракеттеринин жемишин көрүүдө. “Тазажан” үрөнчүлүк чарбасы өнүгүүдө.

Коомбаевдер 3 кыз жана 2 уулду бапестеп өстүрүштү. Улуу кызы Жамила стоматолог–тиш доктор. Күйөө баласы Аскар банк кызматкери. Алиясы юрист, күйөө баласы Ранин жеке ишкер. Уулу Адыл да стоматолог-тиш доктор. Толкунай Италияда окуп жатат, болочок дизайнер. Кенже уулу Ариет 8-класста окуйт. Неберелерди эркелетишип, эмгек менен эриш-аркак өмүр сүрүүдөн өткөн дөөлөт болбос, Эмгектен баар тапкан асыл адамдардын жолун улоо да айтып бүткүс ырахат.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!