"Эркин-Тоо"

Эмгектен бакыт жаралат

Мамлекет башчысынын чечкиндүү кадамдары менен социалдык тармактын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин эмгек акыларынын көтөрүлүшү, келечек муунду билимге-тарбияга сугарган кесип ээлерине дем берди. Мындан улам, билим берүү тармагында эмгектенген айрым жетекчилерди кепке тартып, пикирлерин уктук.   

Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору, доцент Асанбек АКМАТАЛИЕВ:

“Ишибизге жоопкерчиликтүү карап, сапаттуу билим берүүбүз керек”

— Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 4-апрелиндеги социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирген. Анда быйыл Билим берүү министрлигине кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлгөнүн, аталган министрлик — эң көп каржыланган министрлик болуп калганын айткан. Бул баардык мугалимдер үчүн кубанычтуу жаңылык болгон. Көз ачып жумгуча бир ай өтүп, чындап эле мугалимдер көтөрүлгөн эмгек акыны, жакшы айлыкты алдык. Эми эмгек акыны көтөргөнгө жооп иретинде баарыбыз ишибизге жоопкерчиликтүү мамиле жасап, сапаттуу билим берүүбүз керек. Учурдагы оор кырдаалда Президент менен Министрлер Кабинетинин соцтармактардын иши орчундуу экендигин эске алып, эмгек акыны көтөрүп жаткандыгы өтө чечкиндүү кадам жана чоң жумуш болду. Биз ыраазыбыз!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!