"Эркин-Тоо"

Эми Ала-Арча паркына электромобилдер гана кирет

1-майдан тарта Ала-Арча жаратылыш паркына электромобилдер 800 сомдон төлөп киришет.
Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, бензин, газ жана дизель менен жүргөн унаалар киргизилбейт.
Аларды көзөмөл-өткөрүү жайынын жанындагы автоунаа токтотуучу жерге калтырса болот.
Келгендерди парктын ичинде электроунаалар негизги маршруттарга жана эс ала турган жерлерге акысыз ташый турганын кабарлашты.