«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалымат кызматы билдиргендей, эми кыргызстандыктар жаңы төрөлгөн баланы каттоо жана «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун алуу үчүн документтерди portal.tunduk.kg электрондук порталы аркылуу онлайн тапшыра алышат.
Кантип пайдаланса болот?
- Порталга кириңиз
- «Туулганды каттоо жана күбөлүк алуу» кызматын тандаңыз
- Маалыматтарды толтуруңуз:
- Балаңыздын аты-жөнү
- Ата-эне жөнүндө маалымат
- ЗАГС бөлүмүн жана күбөлүк жөнөтүлө турган даректи тандаңыз
- «Балага сүйүнчү» үчүн банкты көрсөтүңүз
- Төмөнкү документтерди жүктөңүз:
- Медициналык, туулгандык күбөлүк
- Ата-эненин ID документтери
- Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк (эгер бар болсо)
- Баарын текшерип, жөнөтүңүз
Маанилүү маалыматтар:
- Туулганды каттоо — акысыз
- Күбөлүктү алуу — акы төлөнөт (тарифке жараша)
- Бала төрөлгөндөн кийин 1 айдын ичинде өтүнмө берилиши кажет.