2025-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда унаа ээлери үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) эрежеси күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, автоунааларды камсыздандыруу эми милдеттүү болуп калды.
Эми камсыздандыруусу жок айдоочуларга айып пул салынат. Бирок мамлекеттик органдар учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге кыска мөөнөттүү жеңилдик берип жатышат. Ошентсе да, жазаланмайынча эмес, камсыздандырмайынча эртелеп аракеттенүү сунушталат.
Камсыздандыруудан өтүү үчүн:
«МБанк», «Түндүк» мобилдик тиркемелерин колдонсо болот же жашаган жердеги тиешелүү административдик мекемелерге кайрылуу керек.
Эскерте кетсек, камсыздандыруусу жок жүргөндөргө 3000 сомго чейин айып пул салынат.

