1-апрелден баштап жеке жана юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан берилчү маалым каттар менен документтерди кагаз түрүндө талап кылуу жол-жобосу жоюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттардын жана документтердин тизмеси:
- Салык төлөөчүнүн салыктык карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;
- Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;
- Салык каттоосу жөнүндө маалым кат;
- Пенсия алуу фактысы жөнүндө маалым кат;
- Камсыздандырылган жактын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө;
- Ишкерлик иш жөнүндө маалым кат;
- Кыймылдуу мүлкү бар экендиги жөнүндө маалымат;
- Каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөн маалымат;
- Даректик маалым кат;
- Бодо малдын бар экендиги жөнүндө маалымат;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык/таандык эместиги жөнүндө маалым кат;
- Кыймылсыз мүлкү жоктугу жөнүндө маалым кат;
- Товардык белгилер боюнча маалымат;
- Кыргызстандын аймагында соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат (толук эмес маалым кат);
- Аскер кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу социалдык кепилдиктерди пайдаланган, башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымат;
- Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;
- Наркологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;
- Юридикалык жактардын, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
- Никеге туруу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат;
- Никеден ажыратуу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;
- Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылгандыгы статусу жөнүндө маалым кат;
- Патенттин көчүрмөсү;
- Иштеген жеринен маалым кат;
- Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалым кат;
- Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты (майыптыгы жөнүндө күбөлүк);
- Жумушка жарамсыздыгы жөнүндө барак (эмгекке жарамсыздык барагы);
- Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө маалым кат;
- Күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалым кат (Улуу Ата Мекендик согуш);
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалым кат;
- Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
- Медициналык ишке лицензия;
- Спорттук наамдары бар экендиги жөнүндө маалым кат;
- Бошотулгандыгы жөнүндө маалым каттын дубликаты;
- Диний уюмду эсепке алууну каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Кыймылсыз мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;
- Кыймылдуу мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;
- Улуттук паспорттор жөнүндө маалымат;
- Аталыгын аныктоо жөнүндө маалымат;
- Жубайы, балдары жана ата-энеси жөнүндө маалымат;
- ФАА алмаштыруу жөнүндө маалым кат;
- Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат.
ЭСКЕРТҮҮ!
Тизмедеги 8, 19, 20, 21, 39, 40, 41 жана 42-пунктуларында көрсөтүлгөн жарандык абалдын актылары жөнүндө маалым кат же документтерди кагаз түрүндө суроону жоюу 2015-жылга чейин катталган жарандык абалдын актыларына жайылтылбайт.