"Эркин-Тоо"
Коом

Эми мамлекеттик органдардан берилчү маалым каттар менен документтер кагаз түрүндө талап кылынбайт

1-апрелден баштап жеке жана юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан берилчү маалым каттар менен документтерди кагаз түрүндө талап кылуу жол-жобосу жоюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттардын жана документтердин тизмеси:

  1. Салык төлөөчүнүн салыктык карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;
  2. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;
  3. Салык каттоосу жөнүндө маалым кат;
  4. Пенсия алуу фактысы жөнүндө маалым кат;
  5. Камсыздандырылган жактын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө;
  6. Ишкерлик иш жөнүндө маалым кат;
  7. Кыймылдуу мүлкү бар экендиги жөнүндө маалымат;
  8. Каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөн маалымат;
  9. Даректик маалым кат;
  10. Бодо малдын бар экендиги жөнүндө маалымат;
  11. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык/таандык эместиги жөнүндө маалым кат;
  12. Кыймылсыз мүлкү жоктугу жөнүндө маалым кат;
  13. Товардык белгилер боюнча маалымат;
  14. Кыргызстандын аймагында соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат (толук эмес маалым кат);
  15. Аскер кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу социалдык кепилдиктерди пайдаланган, башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымат;
  16. Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;
  17. Наркологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;
  18. Юридикалык жактардын, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
  19. Никеге туруу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;
  20. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат;
  21. Никеден ажыратуу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;
  22. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылгандыгы статусу жөнүндө маалым кат;
  23. Патенттин көчүрмөсү;
  24. Иштеген жеринен маалым кат;
  25. Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалым кат;
  26. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты (майыптыгы жөнүндө күбөлүк);
  27. Жумушка жарамсыздыгы жөнүндө барак (эмгекке жарамсыздык барагы);
  28. Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө маалым кат;
  29. Күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалым кат (Улуу Ата Мекендик согуш);
  30. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалым кат;
  31. Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
  32. Медициналык ишке лицензия;
  33. Спорттук наамдары бар экендиги жөнүндө маалым кат;
  34. Бошотулгандыгы жөнүндө маалым каттын дубликаты;
  35. Диний уюмду эсепке алууну каттоо жөнүндө күбөлүк;
  36. Кыймылсыз мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;
  37. Кыймылдуу мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;
  38. Улуттук паспорттор жөнүндө маалымат;
  39. Аталыгын аныктоо жөнүндө маалымат;
  40. Жубайы, балдары жана ата-энеси жөнүндө маалымат;
  41. ФАА алмаштыруу жөнүндө маалым кат;
  42. Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат.

ЭСКЕРТҮҮ!
Тизмедеги 8, 19, 20, 21, 39, 40, 41 жана 42-пунктуларында көрсөтүлгөн жарандык абалдын актылары жөнүндө маалым кат же документтерди кагаз түрүндө суроону жоюу 2015-жылга чейин катталган жарандык абалдын актыларына жайылтылбайт.