"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Эми медайымдар балдардын кан тамырын оңой таба алышат (видео)

Эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүнө балдардын кан тамырын теринин сыртынан көрүүгө мүмкүнчүлүк берген веновизор берилди. Бул тууралуу аталган борбордун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков билдирди.

Жаңы аппарат борборго «Кызыл Жарым Ай» уюму тарабынан берилди. Веновизор тамырларды так көрсөтүп, ийне сайчу жерди так аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков жабдыкты маанилүү белек катары баалап:
«Бул биз үчүн жөн гана жабдык эмес, чоң колдоо. Жаңы жабдык медайымдардын ишине кыйла жардам берип, балдардын ооруну сезүүсүн азайтууга шарт түзөт. Бул үчүн «Кызыл Жарым Ай» уюмуна ыраазычылык билдиребиз», — деди.