Жогорку сот пилоттук долбоорду ишке киргизип, соттук отурумдарды реалдуу убакытта ачык видео-трансляциялоо башталды. Бул кадам ар бир жаранга сот адилеттигинин жүрүшүн түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Долбоор КР Жазык-процесстик кодексинин жаңы жоболоруна ылайык жана мамлекеттик кызматты дебюрократиялаштыруу максатында ишке ашырылып жатат. 2025-жылдын ноябрь–декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталган.
ЖПКнын 290-беренеси боюнча сот отурумдарын соттун демилгеси же процесс катышуучулардын өтүнүчү менен онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлөт.
Бардык видеоматериалдар «Жогорку сот Верховный суд» YouTube-каналына жеткиликтүү жайгаштырылып, каалаган жаран соттордун ишин практика жүзүндө көрө алат.
Белгилей кетчү нерсе, видеоматериалдар пилоттук режимде агартуу максатында гана колдонулат жана үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салынат.

