"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эми жүргүнчүлөр автобустун качан келе тургандыгын көрө алышат

Бишкек шаардык мэриясы кабарлагандай, калаага жүргүнчүлөр үчүн заманбап аялдама орнотулду.

Бул иш шаар мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен шаар тургундарына коомдук транспорт боюнча так жана жеткиликтүү маалымат берүү максатында «Санариптик технологиялар борбору» тарабынан ишке ашырылды.

Биринчи “Акылдуу аялдама” Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанына жайгаштырылды.

Аялдамадагы атайын экран аркылуу:

  • каттамдар тууралуу малыматты;

  • коомдук транспорттун аялдамага келе турган убактысын;

  • керектүү багытка жетүү жолдорун көрүүгө болот.

Мындан сырткары, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн үн менен маалымат берүү функциясы да иштейт.

Мэрия мындай аялдамаларды шаардагы башка чоң көчөлөргө дагы орнотууну пландап жатат.