"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эми жарандар өзүнө-өзү насыя алууга тыюу сала алышат

Президент Садыр Жапаров жарандарга өз ыктыяры менен насыя алууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн берген мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, жарандар электрондук мамлекеттик портал аркылуу өзүнө насыя берүүгө тыюу салган чечимди акысыз киргизе алышат. Бул маалымат автоматтык түрдө кредиттик бюрого өткөрүлүп, банк жана каржы уюмдары ал маалыматты насыя берерден мурун милдеттүү түрдө текшерүүгө тийиш.

Талап бузулган учурда, берилген насыя жараксыз деп табылат жана күчүн жоготот.

Мыйзамдын максаты жарандарды финансылык алдамчылыктан, өздөрү билбеген учурда насыя алуу фактыларынан жана ашыкча карызга батып кетүүдөн коргоо болуп саналат.