Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, эми жарандар мамлекеттик ипотекага «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн кезекке тура алышат. Бул тууралуу Каныбек Туманбаев бүгүн, 11-июнда, социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Бүгүн биз дагы бир маанилүү жаңылыкты элге тартууладык. Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты.
Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары жеңилдеди – болгону 2–3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен бериле алат.
Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге жеткиликтүү болуп баратат», – деди Каныбек Туманбаев.