Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жогорку кызматка келгенинен бери бир жылдан ашты. Шаар башчысы болуп иштөө оңой жумуш эмес. Мактаганынан сындагандары көп. Эмилбек Мырзакуловичке чейин сегиз калаа башчысы орун которду. Алардын ичинен бир күн, он күн иштегендери болду. Жаңы мэрди ушундай тагдыр күтөт дегендер дагы жок эмес эле. Тилекке каршы, бир жылдын аралыгында мэр иш тажрыйбасы, уюштуруучулук жөндөмү менен шаар башчылыгына татыктуу талапкер экенин далилдеп койду. Сөзүбүз куру болбос үчүн Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду сөзгө тартып, баш калаабыздын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маек уюштурганбыз.
— Эмилбек Мырзакулович, жакында эле муниципалитеттин кеңейтилген коллегиясында жыл жыйынтыгы чыгарылып, жаңы жылга бир топ милдеттапшырмалар коюлду окшойт. Жыл жыйынтыгы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алдыбы?
— Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөн муниципалитеттин кеңейтилген коллегиясында жыл жыйынтыгын чыгарып, 2023-жылга карата пландарыбыз тууралуу сөз болду. Капиталдык салымдар, салык, социалдык төлөмдөр боюнча бардык көрсөткүчтөрүбүз ашыгы менен аткарылды. Республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 20 миңге жакын окуучуга ылайыкталган 15 мектеп, 140 орундуу бир бала бакча тез арада курулуп, ишке берилди. Шаардык бюджеттин эсебинен Кара-Жыгач жаңы конушуна бала бакча куруп бердик. “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан 19,4 чакырымды түзгөн 51 көчөнүн жол курулуш иштери аяктады. Муниципалдык менчикти ижарага берүүнүн эсебинен казынабызга 879 млн сом киреше түштү. Бул чогултулган сумма мурунку жылга салыштырмалуу 147 млн сомго көп. Акылбек Үсөнбекович мэриянын ишмердүүлүгүнө оң баасын берип, биздин демилгебизди ар дайым колдой турганын билдирип, Бишкек жакынкы келечекте илимдин, билимдин жана каржынын борбору болушу керектигин баса белгиледи. Албетте, биздин алдыбызыга койгон масштабдуу пландарыбыз бар. Аны аткарууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз.
— Мүмкүнчүлүктөр жетиштүү элеби?
— Чынын айтайын, ойдогудай эмес. Шаарды өнүктүрүү үчүн быйыл бюджетибизде 6 млрд. 6 млн. сом каралып, Министрлер Кабинетине сунуш киргизгенбиз. Азырынча бюджетибиз бекитиле элек. Айтайын дегеним, шаарыбыз ири киреше булагына ээ болгону менен баш калаабызды өнүктүрүү үчүн каржылоо чектелүү болуп калууда. Бир мисал. Эгерде Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 936 млрд сом болсо, ошонун 376 млрд. сомун же болбосо ИДПнын 40 пайыз каржылык үлүшүн Бишкек шаары берет. Союздун учурунда Ош облусу ИДПнын 50 пайыз үлүшүн берчү. Бүгүнкү күндө Ош облусу 3 пайыз, өнөр жайлуу деген Чүй облусу 9 пайыз, Талас облусу Жер-Үй алтын кенин кошкондо 5 пайыз үлүш берүүдө. Бул бир. Экинчиден, дагы бир ири көрсөткүчүбүз, 2022-жылы Бишкек шаары 112 млрд сом салык чогултуп, бул сумма жалпы республика боюнча салык төлөмдөрүнүн 47 пайызын камсыз кылып жатат.
Ал эми бишкектиктер, жол тыгындары, коопсуздук жана башка толгон-токой дооматтарды коюп келишет. Алардын суроо-талабын туура деп эсептеймин. Бирок, “ой жеткен менен кол жетпейт” дегендей, маселенин баары ушул жерде жатат. Бишкек шаары бир жылда 112 млрд сом салык чогултса, анын 10 пайызы гана өзүбүздө калат. Калганы республикалык бюджетке чегерилет. Москва шаарында түшкөн салыктын 45 пайызы жергиликтүү бюджетте калат экен. Мына ошонун натыйжасында Москва шаарында ири курулуштар курулуп, өнүгүп жатат. Астана, Ташкентте топтогон акчасынын 35 пайызын мэрия пайдалана алат экен. А Бишкек шаары болсо тапкан кирешесинин 10 пайызы менен кантип өнүгөт? Коллегияда ушул маселени көтөрүп чыктым. Быйылкы жылдын эсебинен бюджеттин көлөмүн көбөйтүү боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жардам беребиз деп убада берген. Азыр күтүп жатабыз. Жок эле дегенде түшкөн салыктын 20 пайызы өзүбүздө калганда, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жетише алат элек.
— Эмилбек Мырзакулович, өткөн жылы 15 мектеп, 1 бала бакчаны кыска мөөнөттө куруп бүтүүгө жетиштиңиздер. Курса болот экен го…
— Мектептин курулушу мага чейин эле пландалып, каралып жаткан экен. Бирок, Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров обьектилерди кыска мөөнөттө бүтүрүү талабын койду. Ошону менен бирге бул маселени чечүүдө Президентибиздин чечкиндүүлүгү чоң роль ойноду десем болот.
Эми сиздин суроонун төркүнүнө келели. «Курулуштар эмне үчүн жылдап курулбай калууда?» деген соболго жооп издейли. Бизде тендер деген бир балээ бар. Тендер эл аралык каржы уюмдарынын талабы экен. Алар чын эле кылдат текшеришип, калыс принцибин бекем карманышат. Кыргызстанда тендерде калыстык жок. Тендерден ким утат? Маселен, ошол эле курулуш тармагын алалы. Жогору жакта таанышы бар, эч кандай каржылык, техникалык мүмкүнчүлүгү, тиешелүү адистери жок адамдар утуп келди. Тендерден утат дагы, өзүнүн үлүшүн алып туруп, башка компанияларга өткөрүп берип коет. Мына ушунун кесепетинен республика боюнча 400дөн ашык обьектинин курулушу бүтпөй турат. Тендерде ким арзан бааны сунуш кылса, ошол утту деп эсептелет. Анан компаниялар арзан курулуш материалдары менен эптеп обьектини бүтүрүшөт. Ошентип, “арзандын шорпосу татыбайт” дегендей, сапатсыз курулуштарга жол берип келдик. Себеби, ал жерде жоопкерчилик таптакыр жок. Мамлекет башчыбыз дагы тендерди жолго салуу боюнча пикирин билдирип жатат. Ошондуктан, тендер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Кыргыздын экономикасынын кыртышына сиңе турган мыйзам жазылуусу абзел. Чет жактан келген мыйзамды көчүрүп жазып таңуулоо, көптөгөн маселелерди жаратууда.
Шаарыбыздагы 15 мектепти, 1 бала бакчаны курууга Президентибиз республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүп берип, эч кандай тендери жок эле ишенимдүү курулуш компанияларын тандоого мүмкүнчүлүк түзүп берди эле, биздин мекенчил ишкерлерибиз шаарыбызга арзан баада, заманбап имараттарды кыска мөөнөттө куруп беришти. Учурдан пайдаланып, курулуш компанияларынын жетекчилерине дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетейин.
— Былтыр мектептин курулушуна өзгөчө көңүл бурулду окшойт. Быйыл кайсыл тармакка артыкчылык берилет?
— Быйыл үч маселеге артыкчылык берип жатабыз. Биринчиси, таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну башташыбыз керек. Чехиянын “Re Green” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Заводдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында ишке ашыруу пландалууда. Эки тараптын жасай турган иштерин аныктаган жол картасын түзүүгө кол койдук. Биз тараптан “Таштанды жөнүндө мыйзамды”, ушул тармакка тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды даярдап беришибиз керек. Себеби, таштанды деген – ал товар. Азыр таштандыны талап сатып жатышпайбы. Тариф ушул бойдон калат. Алар баа саясатына кийлигише албайт. Негизинен заводду куруу жумуштары башталды.
Буга чейин Чех эксперттери бул жакта беш ай иштешип корутундусун чыгарып берген. Бир жылда пластик жана башка таштандылардын эсебинен 1 миллион 200 миң доллар каражат кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетип жатканын билдиришти. Техникалык-экономикалык негиздемесин жасашууда. Заводдун курулушуна Чехиялык ишкерлер 45 млн доллар инвестиция салышат. Бул эч кандай кредит, же грант эмес. Түз инвестиция десек болот. Мамлекеттин бюджетинен бир тыйын акча коробойт. Жерин бөлүп беребиз. 15 жылга бергиле деп атышат. Таштандыны кайра иштетишип, өзүлөрүнүн чыгымын жабышат. Таштанды чогултуучу контейнерлерди дагы өзүлөрү коюшат. Бул тармакка бир гана оператор, же бир киши жооп бериши керек. Дүйнөлүк тажрыйбада деле ушундай. Ар бирконтейнерге белги берүүчү аппарат коюшат экен. Эгерде контейнер толуп калса аларга белги берилет. Келип ташып кете беришет.
Быйыл буйруса, таштанды маселесине өзгөчө көңүл бурабыз. Шаардын жашылдандыруу, жарыктандырууну тейлеген ишканаларында жарытылуу техникасы болгон эмес. Парктардын саны эки эсеге өсүп, эс алуучулар жылдан-жылга көбөйүп баратат. Быйыл шаардык бюджеттин эсебинен 320 млн сомго “Тазалык” ишканаларына атайын техникаларды сатып алып бердик. Таштандыларды ташый турган, чөп чаба турган мини-тракторлорду жаңырттык.
— Ушу таштанды маселесине байланышкан ири суммадагы кредит жөнүндө сөз болуп келген эле. Анын тагдыры эмне болот?
Туура айтасыз, 2015-жылдары Европанын өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 22 млн евро өлчөмүндө – жарымы кредит, жарымы грант түрүндө жардам алынган. Арадан сегиз жыл өттү, бул долбоор ишке ашкан эмес. Азыр бул каражаттар кайда, кандай жумшалды, эсеп палатасы текшерип жатат. Жогорку Кеңеште депутаттык топ түзүлүп, алардын көзөмөлүндө турат. Башкы прокуратура дагы бул иш менен кабардар. Негизи бул долбоорго «ким кол койгон, кандай иш алып барган, эмне үчүн ишке ашкан эмес?» деген соболдун жообун таап, тиешелүү адамдардын жүзүн ача турган учур келди. Кимдин күнөөсү болсо, мыйзамдын чегинде чара көрүлүшү керек.
— Экинчи артыкчылык берген маселеңизге токтолсоңуз…
— Жол жана транспорт маселеси шаарыбызда ар дайым курч коюлуп келе жатат. Дагы жакшы үчтөрт жылдан бери Кытайдын грантынын эсебинен шаарыбыздын 80ден ашык көчөсүнө асфальт төшөлдү. Жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2022-жылы эле узундугу 25,5 км түзгөн тротуарга асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүргүзүлдү.
Быйыл шаардагы транспорт тыгындарын азайтуу максатында ири төрт көчөдө эки айрылыш (развязка) жолдорду куруу боюнча Кытайлык эксперттер иштеп жатышат. Аны да Кудай буйруса ишке ашырабыз. Эгерде бул жолдор бүтүп кала турган болсо, шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон өзгөчө курулуш болот.
Анан коомдук транспорт маселесин чечүү максатында жыл башында Кытайлык “Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd.” компаниясы менен келишим түзүп, бюджеттин эсебинен газ менен жүрө турган 120 автобус сатып алып келгенбиз. Быйыл Президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен Бишкек шаарына 1000 автобус сатып алуу каралууда. Мамлекет башчысы өзү көзөмөлдөп, жардам берип жатат. Жакында келишимге кол коебуз. Ушул келишим ишке ашса, борбор калаабызда коомдук транспорт маселесин толугу менен чечебиз.
— Сөзүңүзгө аралжы, Эмилбек Мырзакулович, Кыргызстанда деле автобус чыгарган ишкана бар. Эмне үчүн атамекендик өндүрүш колдоого алынбай жатат?
— Биз атамекендик өндүрүштү ар дайым колдойбуз. Бирок, алардын өндүргөн продукциясы биздин талабыбызга жооп бериши керек. Эгерде алардын баасы рыноктогу баадан кымбат болсо, аны сатып ала албайбыз да. Өзүбүздүн ишкерлерди кабыл алып, аларга автопаркы менен берели деп сунуш айтканбыз. Азырынча алардын чамасы жетпей жатат окшойт. Келечекте, биздин суроо-талабыбызга жооп берсе, кызматташууга, аларды колдоого ар дайым даярбыз.
Атамекендик өндүрүш азырынча чоң компаниялар менен атаандаш боло албайт го. Биз кызматташып жаткан Кытайлык “Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd.” компаниясы дүйнөнүн 65 өлкөсүнө автобустарын экспорт кылат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Араб өлкөлөрү, керек болсо Улуу Британия өлкөлөрү ушулардын техникаларын алышат экен. Жылына 30 миң автобус чыгарышат. Бул мамлекеттик корпорация. Евростандарттагы автобустар. Жакында шаарыбызга тейлөө кызматын ачышат. Эгерде автобус бузулуп калса, өзүлөрү тетиктерин алып келишип, биздин балдар менен бирге оңдоп беришет. Бизде азыр бир маселе жаралып жатат. 120 автобус үчүн базабыз бар. Ал эми 1000 автобуска ылайыкталган база жок. Келишимге кол коюлуп, автобустар келгенге чейин базаны даярдап коюшубуз керек.
— Түркиядагы жер титирөөдөн кийин коомчулукта шаарыбызда курулуп жаткан имараттардын сапаты тууралуу кайчы пикирлери жаралды. Курулуш тармагы сизге жат эмес да…
— Мэрия быйыл артыкчылык берген маселенин бири дал ушул курулуш тармагы. Туура айтасыз, шаарыбызда башаламан курулуштар көп. Анын сапатына – дагы көңүл бура турган кез келди. Коомчулуктун тынчсыздануусуна негиз бар. Мен жетекчи, адис катары бул маселени эки багытта караймын. Биринчиси, материалдыктехникалык базасы, тиешелүү курулушчу адистери бар компаниялардын курган турак жайлары 8-9 баллга туруштук берет деп ишенимдүү айтса болот. Анткени, бул компанияларда тажрыйба бар, курулуштун нормасын, техникалык талаптарын аткарууну билишет. Башка маселе, курулуш эмне экенин билбей, тыйыны бар болсо эле куруучу болуп чыга келген ишкерлерди текшериш керек деп ойлоймун. Негизи курулушка болгон талапты, көзөмөлдү күчөтүш керек.
— Сиз баш калаанын кожоюнусуз да. Ушундай башаламан, сапатсыз имараттарды курууга тыюу салган, алардын тизгинин тарткан “куралыңыз” жокпу?
— Буйруса тизгинин тартар мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Президентибиз, Министрлер Кабинетинин Төрагасы биздин сунушубузду колдоп, курулуш жана архитектура тармагын башкарууну мэрияга өткөрүп берди. Азыр жаңы жобо даярдап жатабыз. Эми курулушка болгон көзөмөлдү, экспертизаны өзүбүз жүргүзөбүз деген пландарыбыз бар. Курулуш жана архитектура тармагын башкарууну өзүбүздүн колго алуу менен эле маселе чечилбейт. Буга өтө терең карашыбыз керек. Шаар курулушунда урбанизация институту маанилүү ролду ээлейт. Жөн эле шаар кура берген менен болбойт. Шаар курулушу илимий көз карашка таянышы кажет. Эки кабат үйдү сатып алып, 9-12 кабат үйлөрдү кура берсек, эртең инженердик-коммуникациялык түйүндөрдөн, жылуулук, электр энергиясы, ичүүчү суу менен камсыз кылууда маселе жаралат. Транспорттук тыгындар күч алат. Ошондуктан, шаар курулушу пландуу ишке көз каранды болуш керек. Жок дегенде урбанистика деген бөлүм ачалы деп атабыз. Союздун учурунда “Шаардолбоор” деген долбоорлоо институту бар болчу. Долбоорлоо институтунун уруксаты жок бир күркө кура алчу эмеспиз. Шаардын башкы планына ылайык, “Бул жерге бала бакча кургула… калктын саны өсүп баратат, мектептер керек…” дегендей илимге таянган сунуштарды берип турчу эле. Азыр ким каалаган курулушун куруп жатпайбы. Буйруса, бул тармакты тартипке келтирип, заманбап курулуштарды курууга басым жасайбыз.
— Босогодо жаз. Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарыяланган “Жашыл Мурас” улуттук өнөктөгү салтка айланып, аймактарда кызуу ишке ашырылып жатат. Шаарыбызда бул демилге кандай жүзөгө ашууда?
— Экология бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун көңүлүнүн борборундагы маанилүү маселеге айланды. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгесин БУУнун башкы ассамблеясы бир добуштан колдоп бергени, экология маселесинин канчалык актуалдуу экенин айгинелейт. Бишкек шаарыбыз илгертен “жашыл шаар” деген ат менен таанылып келген. Биз ошол атты калыбына келтирүүгө кызыкдарбыз. Шаарыбыздын түндүк тарабында 120 гектарды ээлеген карагач багы каралбай жатат. Бир бурчуна элибиз турак жай куруп алышыптыр. Бактын чек арасын аныктап берүүгө Министрлер Кабинетине сунуш менен кайрылганбыз. Буйруса ал жерге шаардыктар эс ала турган заманбап шарттарды түзөбүз. Жайында көлгө барбай калгандар ошол жерде эс алса боло тургандай кылабыз. Анан Министерлер Кабинетинин тапшырмасы менен шаарыбыздагы ботаникалык бакты шаардын балансына өткөрүп алууну караштырып жатабыз. Мындай 150 гектарды ээлеген уникалдуу ботаникалык бак Орто Азияда жок. Союздун учурунда күнөсканаларында гүл өстүрүшүп, ар бир көчөсүндө түнкү шам чырактар күйүп, шаардыктар эс ала турган куттуу жай болгон. Азыр ботаника багы кароосуз калды. 12 жумушчусу бар экен. Алар эмнеге жетишет? Илимдер академиясы илимин жүргүзө берсин. Эч ким каршы эмес. Ал жерди толугу менен жашылдандырып, инфратүзүмдөрүн жакшыртып, шаардыктар эс ала турган жайга айландыралы деген пландарыбыз бар. Андан башка быйыл шаарыбыздын аймагына 18 миң көчөт тигебиз. Ошондуктан, ирригациялык түйүндөрдү оңдоп жатабыз. Атайын техникаларды сатып алдык. Негизи жер-жерлерге скважиналарды орнотуп, тамчылатып сугарууну колго алабыз. Шаарыбызда бир жылдык гүлдөргө эмес, көп жылдык гүл ачкан дарактарды өстүрүүгө тапшырмаларды бердим. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мэриянын күн тартибинде турган башкы маселе десем болот.
— Жаңы конуштарга барсаң көчөлөрү кенен, ар бир көчөгө асфальт төшөлгөн, түнкү шам чырактар жаркырайт. Ал эми шаарыбыздын ичиндеги борбордук көчөлөр, тротуарлар баягы Фрунзе шаарынан мураска калган бойдон турат. Айрым көчөлөр менен жүрүүгө болбойт. Түнкү шамдар коюлбаган кварталдар бар. Чын эле көйгөйлүү маселе. Бул маселени чечүүнүн жолдору барбы?
— Туптуура, мен сиздин сөзүңүзгө толугу менен кошулам. Чын эле шаардын ичиндеги айрым көчөлөр менен жамгыр жааганда басууга мүмкүн эмес. Андан калса жарыгы жок көчөлөрдү көрүүгө болот. Ага караганда жаңы конуштардын абалы өтө жакшы. Заңгыраган үйлөрдү куруп алышты. Ал эми шаардын ичинде эскилиги жеткен үйлөр көп. Чын эле ушул жакка көңүл бурушубуз керек. Жаңы конуштарда 53 526 миң үй катталса, шаардын ичинде 58 миңдей жеке менчик турак жай бар. 70-80 жылдан бери шаарда жашашып, эшигинин алдында асфальты, тротуары жок отурушат. Биз бул маселени акырындык менен чечебиз.
— Ички жолдорду оңдоо акимдердин түздөн-түз милдети да. Алар Кытайдын грантынын эсебинен курулуп жаткан жолдорго барып, коомчулукка иштеп жаткандай түр көрсөтүшкөнү менен, иш жүзүндө абал көйгөйлүү болуп жатпайбы. Акимдер чабалдык кылып жаткан жокпу?
— Өтө олуттуу маселени козгодуңуз. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчылары, тагыраагы акимдердин кызматка киришкенине бир жылдын жүзү болуп баратат. Мен шаардын башчылыгына келгенде, акча каражаты мэриянын тиешелүү кызматтарына бөлүнүп, райондун башчыларынын аким деген гана аты калган экен. Ар бир районго 500 млн сомдон акча каражатын бөлүп берип, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу маселесин өзү чечсин деген талаптарды койгонмун. Чынында алардын арасында чабалдары бар. Үч айлык мөөнөт бердим. Эгерде иши менен өзүн көрсөтө алышпаса, анда чара көрөбүз.
— Эмилбек Мырзакулович, сөз соңунда айтар кебиңиз бардыр…
— “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” демекчи, шаардык мэриянын алдына койгон масштабдуу пландары болгону менен каражаттын чектелүүсүнөн баарын бүтүрүүгө жетише албай жатабыз. Бирок, Президентибиз, Министрлер Кабинетинин Төрагасы биздин демилгелерибизди колдоп, ишибизге стимул берип жатат. Акырындык менен көздөгөн максаттарга жетебиз. Быйылкы жылы “Ак-Бата” жаңы конушуна бир мектеп, шаар боюнча алты саламаттыкты сактоо мекемесине имарат куруп беребиз. Республикалык жана шаардык бюджеттин эсебинен 12 бала бакча курулат. Он муниципалдык мончо куралы деген планыбыз бар. Шаарыбызда жол тыгындарын азайтуу үчүн Чүй-Шопоков, Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнө жер алдынан өтмөк курулат. Буйруса жылдын соңуна чейин алдыбызга койгон максаттарды жүзөгө ашырууга, шаардыктардын суроо-талабын орундатууга болгон аракетибизди жумшай беребиз. Эми сөзүмдүн соңунда айтарым, жерибиз, элибиз бөөдө кырсыктан алыс болуп, элибиздин ынтымак-ырашкерлиги арта берсин.
— Эмилбек Мырзакулович, ары жооптуу, ары татаал ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз. Көздөгөн максатыңыздарга жетишиңиздерге тилектешпиз. Аман болуңуз.
Шекербек КАЛЫКОВ
№21 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-марты