Кечээ интернет провайдерде катталган техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам бир нече саатка интернет жоголгон. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин адистери резервдик каналды ишке киргизип, учурда негизги тармакты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. «Бишкек жана Чүйдүн калк жашаган түйүндөрүндө интернетти калыбына келтирүү үчүн резервдик канал колдонулду. Алдын ала маалымат боюнча, магистралдык каналда авария катталган»,-делет министрликтин маалыматында.