Учурда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Түркияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Машыгууга Германия, Франция, Тунис, Түркия жана Кыргызстандын спортчулары катышууда. Кыргызстандык команданын курамында Париждеги Олимпиада оюндарына даярданып жаткан Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы баш болгон 5 спортчу бар. Ошондой эле Калмира Билимбекова, Нурзат Нуртаева жана Дильназ Сазанова бар. Ал эми Мээрим Жуманазарова машыгууларга барган эмес.
Аты аталган федерациянын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев Sport АКИpress агенттигине берген маегинде спортчунун жаракаты бар экенин, азыр ал айыгып жатканын билдирди.
Ал ошондой эле Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алган жаракатынан улам кызы Польшадагы турнирге катыша албай калганын белгиледи.