Биз комиссиянын мүчөсү, композитор Кадыралы Артыковго кайрылып, эмне үчүн биринчи этаптын катышуучуларынын чыгармалары толук четке кагылганын сурап көрдүк.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин өзгөртүү идеясын былтыр Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу көтөрүп чыккан. Анда Төрага “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк, бул демилгени президент Садыр Жапаров да колдоорун, гимнди өзгөртүү заман талабы экендигин айткан.
Андан соң 2024-жылдын декабрь айында ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2025- жылдын февралында мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасынын жаңы вариантын тандоого сынак жарыяланды. Жеңүүчүгө 1 млн 500 миң сом, 2-орунга 1 млн, 3-орунга 500 миң жана 4,5-орундарга 250 миң сомдон каражат тапшырылары белгилүү болгон. Ошентип, 7-февралдан 20-мартка чейинки аралыкта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөн. Анын ичинен 165 жарандан келип түшкөн бардык талаптарга жооп берген 285 долбоор тандалып алынып, комиссияга сунушталган.
Комиссия бул эмгектерди 9-10-апрель күндөрү Кыргыз улуттук “Манас” театрында өткөн комиссиянын экинчи отурумунда карап чыкты. Бирок, алардын ичинен гимнге ылайыктуусу табылбай, келип түшкөн чыгармалар толугу менен четке кагылды.
Ал ортодо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы варианты боюнча мыкты долбоорду тандоо боюнча комиссиянын ишин 1-октябрга чейин узартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды.
Биз комиссиянын мүчөсү, композитор Кадыралы Артыковго кайрылып, эмне үчүн биринчи этаптын катышуучуларынын чыгармалары толук четке кагылганын сурап көрдүк.
— Кадыралы агай, гимндин жаңы вариантын тандоо сынагы кандай өттү? Эмне үчүн комиссия келип түшкөн чыгармалардын баарын четке какты?
— Атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда жалпысынан 300дөй чыгарма менен тааныштык. Алардын ичинен тексти, музыкасы менен бирге сунушталган толук кандуу 90дой чыгарма болду. Калган эмгектер текст же музыка түрүндө келип түштү. Албетте, мамлекетибизди, элибизди, жерибизди даңазалаган жакшы текст, обондор, өз-өзүнчө алып караганда мыкты эмгектер бар экен. Алар аккордеондун же эстраданын коштоосунда даярдалып, тартууланыптыр. Бирок, комиссиянын курамындагы өз ишин мыкты билген композиторлор, хормейстерлер, акындар биригип, гимндин деңгээлине чейин жете турган чыгарманы таба алган жокпуз. Көпчүлүк чыгармалар марш темпинде жазылганы байкалып турду. Биздин эл артисттер, композиторлорубуз тарабынан аткарылган чыгармалар да келип түшүптүр. Аларды жаман деп айтканга укугум жок. Баары жакшы. Болгону, мамлекеттик гимндин мүнөзүнө, талабына туура келгенин көрө, уга да алган жокпуз.
— Чыгармаларга баа берүү тартиби кандай болду?
— Авторлордун аты аталбай, эмгектер атайын шрифттердин алдында келип жатты. Биз 10 баллдык системада өз баабызды бердик. Мисалы, мен өзүмө жаккан чыгармаларга жогорку, жактырбагандарыма төмөнкү балл берип жаттым. Калган комиссия мүчөлөрү да өз упайларын коюшту. Ошол упайлардын баары эсептелип, жыйынтыгында “бир да чыгарма жогорку баллга татый алган жок” деп жарыяланды. Бул сынак максатына жетпей калды дегенди билдирет.
— Айрым эмгектер өтө төмөн деңгээлде жазылыптыр деген сөздөр болду. Ушул туурабы?
— Бир жаран унаасында олтуруп эле “Сөзүн, текстин да өзүм жаздым. Гимнге сунуштайм” деп ыр ырдаптыр. Жамактатып жазылган чыгармалар да бар экен. Эми чындыгында деңгээли төмөн чыгармалар бар экендигин тана албайм. Ошондуктан да сынак жокко чыгып, башка шарттар менен кайра жарыяланды да. Боло турган кайталануучу сынактын жобосунда 1-этапта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңы тексти тандалат. 2-этапта бекитилген тексттин негизинде музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыяланат. Бул сынакка мурунку сынакка катышкан авторлор катыша алат. Бирок, жаңы долбоор менен келиши шарт.
— Комиссиянын кийинки отуруму качан болот?
— Азырынча убактысы так белгилене элек.
Жазгүл Кенжетаева