"Эркин-Тоо"

Христофор Колумб жана Америго Веспучи

БИОГРАФИЯНЫН МААНИСИ ТУУРАЛУУ

Христофор Колумб- өз доорунун эң улуу деңиз саякатчыларынын бири болгон. Бир жарым миң жыл мурун жашап, дүйнөнүн жарымын сүзүүчү кемелер менен сүзүп, замандаштарына көптөгөн географиялык ачылыштарды тартуулаган. Биздин цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымы зор!

Европалык саякатчылардын ичинен ал Атлантика океанын, ошондой эле Кариб жана Саргассов деңиздерин биринчи болуп кесип өткөн.

Американы ачуунун жетишкендиктери дал Колумбга таандык, анткени анын басып өткөн жолу документтештирилген.

Жалпысынан Колумб Американын жээктерине төрт жолу саякат жасаган. Анын биринчи экспедициясынын үч кемеси, ошол жылдардагы стандарттары боюнча өтө кичинекей- узундугу 20 метрден 40 метрге чейин болгон.

Колумб 1492-жылы Испаниядан сүзүп чыкканда, анын көздөгөн жери Америка эмес эле. Чынында ал Американын эбегейсиз континенттери бар экенин билген эмес. Анын максаты Африканы айланып өткөн башка кемелерге караганда Индияга тез жетүү болгон. Индилер ошол кезде Европалыктар үчүн байлыктын булагы болгон. Татымалдар, жибек жана башка толтура байлыктарды Европалыктар абдан баалашкан, бирок аларды алуу өтө кыйын болгон. Колумб азыр Вест-Индия деп аталган аралдарга жеткенде, Азияга жеттим го деп ишенип, ал жерде жашаган элди «индеецтер» деп атаган.

Замандаштары Колумбду ийгиликсиз байкуш деп аташкан. Жаңы континент издеп океанды сүзүп, аны табалган эмес. Кубага, Сан-Домингого жана Кариб деңизинин башка аралдарына токтогон, Колумбдун жанылыштыгы-түндүктү көздөй жылууну ойлобогону болгон.

Испанияга тоту куш, помидор, жүгөрү жана шоколад менен кайткан сайын ханыша андан: «Индияны таптыңызбы?» деп сурачу, ал дайыма: «Жакында табам, эмки жолу табам», — деп жооп берчу. Кийинки сапарында да таппаганына ачууланган Ханыша Колумбга насыя берүүнү токтотуп, аны өкмөттүн казынасына зыян келтиргени үчүн түрмөгө отургузган.

Испанияга эбегейсиз байлык алып келген ачылыштарына карабастан, ал жакыр болуп, мамлекет тарабынан баркталбай, унутулуп каза болгон.

Колумбдун сөөгү Испанияга коюлган, бирок кийин испан падышасы анын керээзин аткарып, сөөгүн Гаити аралына кайра көмгөн. Испандар аралдан кеткенден кийин анын күлү Испанияга кайтарылган.

Кызыгы, эмне үчүн биз Христофор Колумбдун жашоосу тууралуу баарын билебиз да, Америго Веспуччинин жашоосу тууралуу эч нерсе билбейбиз? Эмне үчүн мектептеги балдарга: “Американы Америго Веспуччи ачты?” деп айтышпайт. Себеби биринчисинде биографы бар, экинчисинде жок болгон.

Колумбдун уулу: «Менин атам ааламды абдан жакшы изилдеди жана эмгегин баалоого татыктуу» деп атасынын өмүрү тууралуу китеп жаздыра баштаган экен. Натыйжасында, биз анын өмүрү, деңиз саякаттары тууралуу көп маалыматты билдик.

Америго Веспуччинин баласы болгон эмес, өзү дагы каармандыгын түбөлүккө калтырууну зарыл деп эсептеген эмес.

Тарыхый окуялар бизге бир же бир нече биографтардын тандоосу аркылуу, башкысы- биограф ким экенине жараша маалымат жетип турат экен.

Кыргызда «Жандооч кийик аттырат» деген улуу сөз бар, коштоп-жандап жургон адамы барктап, даңазалап элге таанытпаса жалгыз киши өзүн кантип мактап, жар салмак.

Платон досу болбосо Сократ кайдан «Улуу Сократ» болмок, Токтогул шакирттери болбосо, дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары атактуу болмок эмес биографтар болбосо.

Ошондон улам кээде тарыхый инсандардын биографиясын окуп атып, ою түзүк адам жаздыбы же ою бузук адам жаздыбы деп ойлоп коем. (Рахат Култай)

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!