Өлкөнун жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучинин айтымында, жаңы учурлардын кескин көбөйүшү 100 млнго жакын жарандын коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндүгүнө байланыштуу болуп жатат.
«Акыркы жумада коронавирус боюнча орточо суткалык көрсөткүч бир топ өстү. Биз калкты вакцина алууга чакырып жатабыз. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаал эмделбеген 100 млн адамдын айынан начарлап жатат», — деди ал ABC News телеканалына берген маегинде.
Фаучи белгилегендей, эмделбеген жарандар оорунун оор формасы менен ооруп, «өзгөчө аялуу» топко киришет. The Washington Post август айында АКШда коронавирустун күнүмдүк көрсөтчүчү 140-300 миңге чейин өсүшү мүмкүн деген божомолду жарыялады.
АКШ коронавирус боюнча катталган учурлардын жана каза болгондордун саны боюнча алдыда турат. Хопкинс университетинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө пандемия башталгандан бери 34,9 млндон ашык адам инфекция жуктуруп алгса, 613 миңден ашууну каза болгон.