"Эркин-Тоо"

Эне тилдин уюткусу үй-бүлө жана мектептен башталат

Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгана ылайык ушундай эле аталыштагы концепция иштелип чыгып, аны Президент өз Жарлыгы менен бекиткен. Концепцияда мамлекеттик тил – жарандык коомду куруунун, этностор ортосундагы кызматташтыкты жана мамилелерди өнүктүрүүнүн каражаты болуп саналары белгиленген. Бардык этностордун мамлекеттик жана эне тилде сабатуу жаза жана сүйлөй билүүсү ар бир жарандын милдети жана маданиятынын көрсөткүчү болуп саналат. Ушул өңүттөн алганда түпкү улуттун өкүлдөрү өз мамлекетинин тилин, эне тилин мыкты билиши өтө маанилүү.

 Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында башталган кайра куруу доорунун шарданы менен коомубузда улуттук тил, түпкү улут деген маселелер көтөрүлүп, 35 жыл мурда “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды чоң талкуу, талаш-тартыш менен кабыл алдык.  Бирок анын талапка ылайык  жыйынтыгын  бүгүнкү күндө да көрө элекпиз. Мыйзамдын кабыл алынышы менен башкасын айтпаганда да ишкана-мекемелерде ачылган мамлекеттик тил бөлүмдөрү акырындан жабылып,  ошону менен унутулуп калды. Расмий тилде иш-кагаздары жазылып, расмий тилде чогулуш-жыйындар өтүп жатты.  Мындай абалда кыргыз тилин үйрөнүү зарылдыгы  болмок беле? Ошентип мамлекеттик тил мыйзамыбыз кагазда кала берди. Ооба, азыр өткөн 35 жыл мурдагыга салыштырмалуу тилибиздин абалын анчалык жаман деп айтууга болбойт. Бирок ошол мезгилден баштап ырааттуу жана түпкүлүктүү тил саясаты жүргөндө бүгүнкү күнү кыргыз тили, мамлекеттик тил маселеси алдыбызда турмак эмес.

Бизге караганда казак туугандарыбыз улуттук тилдин баркын көтөрүп, кары-жаш дебей, аткаминер же катардагы жаран болобу өз эне тилинде сүйлөөгө артыкчылык берип, жапырт сүйлөй башташты. 2023-жылы Улуттук тестирлөөдөн өткөн 162 миң абитуриенттин 75% дан ашыгы казак тилинде өтүшкөн. Мындан 10 жыл мурда эле казак тилинде мектепти бүтүрүүчүлөр 50%ды да түзгөн эмес экен.  Казакстандын Агартуу министрлиги тил саясатында тынып калбай 2022-2023-окуу жылынан баштап казак тилинде окуган мектептерде 1-класста  жалаң казак тилинде гана билим берүү тартибин киргизди.  1-класста жалаң казак тилинде окуп, 2-класстан баштап орус тили, 3-класстан баштап англис тили окутула баштайт.   Себеби,  1-класста  бир убакта үч тилде бирдей окуу окуучуга оор болот деген чечимге келишкен.  Ал эми орус тилинде окуган 1-класстын окуучулары  казак тилин да окушат.

Тилдин фундаменти мына ушул мектепте жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде түптөлөт. Жашы жеткен ар бир бала мектепке барат. Демек, эне тилибизди өнүктүрөбүз, ал биздин жашоо-турмушубузда толук орун алсын десек мына ушул мектепте мамлекеттик тилди окутууга өзгөчө көңүл буруу керек. Быйыл билим берүү жана илим министрлиги мектепти бүтүрүүчүлөрдүн бардыгын мамлекеттик тилден милдеттүү түрдө тесттен өткөрүү чечимин кабыл алды.  Министр Догдуркүл Кендирбаеванын ишендирүүсүндө тесттин жыйынтыгы бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖго кабыл алынуусуна таасир этпейт.  Бул “тырмак алды” тест десек болот. Бирок кийинки жылдары бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билүүсүнүн көрсөткүчү боло алат. Министрликтин минтип капилет кадамга барып, окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн өйдөдөн ылдый түшүү чечими мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн актуалдуулугуна  жана  эне тилибиздин пайдубалы мектептен түптөлөрүнө басым жасоо аракети катары түшүнөбүз. Албетте, балдарда эне тилди сүйүп жана анда сүйлөө уюткусу үй-бүлөдөн болот. Бул өзүнчө маселе. Мектеп — балдарды эне тилде сабаттуу сүйлөп жана жаза билүүсүн улантуучу институт. 1-класста катары менен үч тилди үйрөнүү балага чынында эле оорчулук келтирип, жыйынтыгында 3 тилдин бирин да жеткиликтүү өздөштүрө албай кыйналып калышат. Андыктан казак туугандардын казак тилиндеги мектептерде 1-класста  жалаң казак тилинде гана окутуу тартибинин логикалык жүйөсү бар.

Бирок үй-бүлөдө эне тилде жакшы сүйлөбөгөн балдар үчүн бир жыл жетишсиз болушу мүмкүн. Буга альтернатива катары Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 1-класстан 4-класска чейин, демек башталгыч класстарды  толук кыргыз тилинде гана окутуу маселесин көтөргөнүн айтсак болот.  Мамлекетибизде кыргыз тилинин бүгүнкү  абалынан улам мындай маселенин көтөрүлүшүнүн жөнү бар. Төрага  “кыргыз тилинин өнүгүшүн  балдар бакчаларынан жана башталгыч класстардан баштообуз керек. 35 жыл тилибиз өнүккөн жок. Муну мойнубузга алышыбыз керек” деп белгилеп,  мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн ушундай кадамдарга баруубуз керек деген пикирде.  Албетте, спикер орус тилинде окуган класстарды да зордоп башталгыч класста кыргыз тилинде окутуу жөнүндө айтып жатпаса керек.  Кыргызстанда  2315 мектеп бар. Анын 199у жеке менчик мектептер.  Жалпысынан республикабыз боюнча 752 510 бала кыргыз тилинде, 600 миңден ашыгы негизинен орус жана башка тилдерде билим алышат.   Кийинки жылдары борбордо эле эмес, аймактарда да балдарын орус класска берүүнү каалагандардын саны арбып жатканы боюнча кабарыбыз бар. Мисалы, мындан бир-эки жыл мурда Таласта кыргыз-түрк “Сапат”  мектебине кыргыз тилинде окутууга берем деген айрым ата-энелер кыргыз класска балдарын берүүчүлөр бирин-экин гана болгондуктан класс толбой аргасыз орус класска берген. Ата-энелер кыргыз тилинин келечегине ишенбегенден улам орус класска бере башташкан. Эгерде кыргыз тилине муктаждык жаралса сөзсүз балдар кыргыз класстарда окуй башташат. 90-жылдардын башында жаңы мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары коомдук турмушка кеңири аралаштыруу аракетине кадам коюлганда ата-энелер балдарын кыргыз мектептерге окута башташкан.  Бирок бул иштер бара-бара солгундап, анан токтоп калды.  Экинчиден,  кыргыз тилиндеги окуу китептери жетишсиз жана татаал болгондуктан  окутуунун сапаты начар деген пикирлер жашап келди. Азыркы учурда окуу китептерин, окуу программаларын заман талабына ылайык жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Негизи кайсы тилде болбосун балдарга  жакшы билим берген мектепке каалоочулар табылат.  Бишкекте  кыргыз тилинде окуткан “Креатив-Таалим” жеке менчик окуу комплекси иштей баштаганынан бери  10 жылга чукул мезгил өттү. Ушул арада мектеп окуучулардын чоң контингентин түзө алышты. Азыр бул мектепте окууну каалагандар четтен табылат. Өткөндө биз да ал мектепке  неберемди берели  деп телефон чалсам 1-класска да, даярдоо тобуна да орун жок калыптыр. Аларда кыргыз тилин жакшы билбеген балдарды мектепке даярдоо курсу да бар экен.  “Креатив-Таалим” окуу комплексинин курамында бала бакчасы да бар. Анда тарбияланган балдар мектепке даяр келишет. Бул мектеп бүгүнкү күнү кыргыз тилинде заманбап жана сапаттуу билим берүүнүн үлгүсү болуп калды.  Мектепте  баланы ар тараптуу өнүктүрүү, анын ичинде  улуттук  баалуулуктар жана  жогору өнүккөн технологияларга окутууга басым коюлат.  Ошонун баары биздин эне тилибизде окутулуп, үйрөтүлүп жатат. Негизги  окуу тили кыргыз тили болуп, ага кошумча  чет тилдери да окутулат. Мына ушундай мектептер көп болсо эне тилибиздин эртеңине кошкон  чоң салым болот. Анткени  башталгыч класстан тартып кыргыз тилинде окуган балдардын катары өсүп,  акырындан бул тенденция  борборубузда мектеп жашындагы балдардын көпчүлүк бөлүгүн камтышы толук мүмкүн.  Ошондо башталгыч класста кыргыз тилинде окутуу маселеси  өзүнөн-өзү чечилмек. Аймактарда балдардын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде окушат эмеспи. Ал эми орус тилинде окугандарга  башталгыч класстан баштап кыргыз тилинин саатын көбөйтүп, жеткиликтүү окутуу методикасын иштеп чыгуу зарыл.

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№25 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-апрели

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!