"Эркин-Тоо"

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гемодиализ борбору курулат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 9-февралда Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен жолугушуусунда айтылды.

Алар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагындагы курулушу бүтө элек балдар ооруканасынын имараты менен таанышты. Үч кабаттуу имараттын курулушу 1995-жылдан бери бүтпөй келет.

Гемодиализ борборунун курулуш иштерин жана аны заманбап жабдуулар менен жабдууну Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду каржылайт.

Алымкадыр Бейшеналиев ал жерде гемодиализ борбору да салынса эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга да мүмкүн болорун белгиледи.