"Эркин-Тоо"

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борбору ачылды

11-ноябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, МРТ аппараты атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан жана ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатып алынган.

Жаңы медициналык жабдуулар алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, ошондой эле COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ изилдөөлөрүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздык жараткан. МРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз, анткени ал магниттик эффекттерге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат.

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда МРТнын прейскуранты иштелип чыгууда, болжол менен бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөт деп пландалууда.

Белгилей кетсек, «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында ушундай эле МРТ аппараты алынып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга орнотулган.