"Эркин-Тоо"

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек СУЛАЙМАНОВ: “Ден соолукка аң — сезим менен мамиле кылганды үйрөнсөк”

— Шайирбек Алибаевич, сиз жетекчилик кылган борбор дээрлик балдардын ден соолугуна кам көрөт. Бул багытта балдардын саламаттыгына түзүлгөн шарттар тууралуу сурагым келип жатат, бүгүн балдарды кабыл алуу, дарылоо жолдору кандай жолго коюлган?

— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору уюшулгандан тартып эле Кыргыз Республикасындагы эненин жана баланын ден соолугун коргоо көйгөйлөрү боюнча жетектөөчү мекеменин функциялары жүктөлгөн. Акыркы жылдары бул борбор  республиканын эң ири илимий, уюштуруу, методикалык, дарылоо жана консультациялык мекемелеринин бирине айланды. Бизде  балдар медицинасынын бардык тармактары бар,  бөлүмдөр иш алып барат. Тагыраагы, өлкө боюнча бардык оорулар боюнча дарылоо, кеп кеңеш берилет.  Жылына болжолдуу 33 000ден ашуун бала борбордо дарыланышат. 130 миңден ашуун бейтапка кеңештер айтылат. Жалпы 1300 кызматкер эмгектенсе, анын ичинен 300 дарыгер, 600 медайым жана башка санитардык, техникалык кызматкерлер иштейт. Бул борбордо бейтаптарды дарылоого дээрлик шарттар бар, сапаттуу тейлөө биздин милдет.

— Аны менен катар эле бул ооруканада гемодиализ алуу үчүн бейтаптар келишет Бөйрөк органын трансплантация да ишке ашып келет, бул багыттагы иштериңиздер кандай?

— Биздин борбордун хирургия бөлүмүнөн жылына ар түрдүү оорулардын кесепетинен аркасында 15 миңдин айланасында хирургиялык операциялар жасалат. Жакында Президент Садыр Жапаров органдарды трансплантациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр кирген мыйзамга кол койду. Мурда эң жакын тууганы гана органын бере алса, жаңы мыйзамга ылайык,чоң ата – чоң энесине чейин донор болууга уруксат берилет. Биздин борбордо бөйрөк алмаштыруу операциясы 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Буга чейин 44 операция жасалган.

— Биздин мамлекетте бөйрөк алмаштыруунун баасы кандай?

— Учурда 105 жаран бөйрөгүн трансплантация жасатуу үчүн кезекте турат. Бул маселеге Президентибиз Садыр Жапаров көңүл бөлүп, 50 бейтаптын бөйрөгү акысыз алмаштырылат.Тагыраагы, 50 жарандын бардык чыгымын мамлекет каржылап бере турган болду. Бул үчүн бюджеттик бөйрөк алмаштырууга бейтаптарды тандоого комиссия түзүлдү. Учурда республика боюнча 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алышат.  Негизи бир бейтаптын  бөйрөгүн алмаштыруу баасы  620 миң сомду түзөт.

— Ал эми акыркы кездери балдар кайсы оорулар менен көбүрөөк кайрылып жатышат?

—  Бир ооруга басым жасап,  көп деп айтууга негиз жок. Анткени бизге бардык оорулар  боюнча бейтаптар кайрылышат.  Мезгилдик вирустук инфекцияларды айтсак болот, бирок, эпидемия эмес. Ага карабастан алдын алуу, түшүндүрүү иштери колго алынган. Ал эми коронавирус дээрлик катардагы вирустардай эле өтүп жатат десек болот.  Сасык тумоо, ОРВИнин түрлөрү кездешет. Мезгилдик эмдөөлөрдү алуу маанилүү. Жарандар жергиликтүү поликлинкаларга кайрылып күз, кыш мезгилдеринде сасык тумоого каршы эмдөөнү алуусун үндөйт элем. Ал эми балдар арасында кызамыкка каршы эмдөөдөн өтүү да зарыл . Ар  бир адам өз ден соолугуна аң- сезим,  түшүнүү менен мамиле кылсак эле жакшы болот эле.  Коронавирус жалпы адамзатка гигиеналык эрежелерди сактоону калптандырды, эрежелерди сактоо да дартты алдын алат.

—  Өткөн жумада оорукананын карамагында перинаталдык жаңы оорукана ачылды, ага алкачкы бейтаптарды кабыл ала баштадыңыздарбы?

— Бишкектеги Тоголок Молдо 1 дарегинде корпусубузда перинаталдык борборунда акушердик жана гинекология, неонатология, педиатрия, балдар хирургиясы, онкология жаатындагы адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги дартты аныктоочу оорукана ачылды. Бул оорукана Кыргыз герман эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы долбоордун алкагында ишке ашты. Февраль айынын ичинен тарта бейтаптар кабыл алына баштайт. Экстрагениталдык дарттары бар бейтаптарга басым жасалат. Тагыраагы, өнөкөт оорулары, гепатит, жүрөк, нерв жана башка дарттары бар, кеч кош бойлуукту дарылоо,  кош бойлуу мезгилинде коштолгон дарттары барлар, өмүрүнө кооптуулук жараткан жагдайлары барлар дарыланышат.

—  Бейтаптарды кароону жакшыртуу үчүн дагы кандай иштер ишке ашат?

Санариптик  системаны толук ише киргизүү иштери уланууда. Учурда бейтаптардын  стационар,  амбулатордук карталары киргизилди. Дарыгерлерибиз бул жаатта иштерди аткарууда. Буга кошумча компьютерлерди  орнотуу керек.  Аны менен катар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кошумча курулушу бүтпөй турган имараты бар. Ал жерди демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүтүрүү,  нефрология,  эндокринология бөлүмдөрүн, гемодиализ борборун жаңы имаратка көчүрүү, гемодиализ аппаратын жаңылоо иштерин колго алабыз. Жыл ичинде  бөйрөк жана боорду алмаштыруу боюнча иштерди алдыга жылдыруу башкы планыбызда.  Бул үчүн атайын дарыгерлер бригадасын окутуп  даярдоо жана атайын жаңы  жабдуулар менен камсыздоо иштери турат. Жалпысынан медицинада  мамлекеттик аптекаларды ачуу, педиатралдык дарыгерлерди топтоо, мамлекеттик медициналык мекемелерге дары дармектерди  заводдон чыккан жерден түз  камсыздоо, жеткирүү  иштери башталды.  Жакында Талас менен Ошто перинаталдык борборлор ачылганы турат. Бул өңдүү кадамдар министрибиз Алымкадыр Савирдиновичтин, Министрлер кабинетинин колдоосу менен ишке ашууда.

— Акыркы айларда Бишкек ооруканаларында эки  жаш балдардын өлүмү,    дагы бир эгиз уулдарды көз жарып бирок эне өзү көз жумган учурлар орун алды. Мындай учурлар кайталанбашы үчүн бейтап, жалпы эле   дарыгерлер эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

— Мындай окуялар негизи  адам үчүн чоң трагедия. Анын алдын алуу үчүн бар аракетти ата эне, дарыгер да көрүшү керек. Дүйнөлүк окумуштуулар адамдын ден соолугу жашоо турмушунан, кулк мүнөзүнөн түздөн түз байланыштуу экенин айтып келишет.  Адам өмүрүнө 20%ы  адамдын айлана  чөйрөгө жаратылыш, жашаган жери таасир берсе, 20% тукум куучу оорулар, ал эми 10 пайызы дарыгерден  көз каранды делет. Андыктан адам түшүнө турган учурлар бар. Ал —  ден соолук маселеси. Ден соолукту  дарыгерге таяган  деңгээлде карабашыбыз зарыл. Аракет кылсаң, жардам кылсаң, анан ден соолук болот. Ар бир  бейтап өзү үчүн кам көрүшү керек. Алдын ала кароолордон өтүү зарыл. Дарыланганга караганда алдын алуу жакшыраак. Айрымдар дары берсем жакшы болуп кетээр деп  баланы өз алдынча үйдө кармап отуруу да кооптуурак. Жоопкерчиликтүү мамиле абзел.

 

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№9 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-февралы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!