"Эркин-Тоо"
Биринчи байлык – ден соолук Эркин Тоо гезити

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов: “Бюджеттик негизде 74 бөйрөк трансплантациясы жасалды”

Жакында эле Эне жана баланы коргоо улуттук борбору толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, бейтаптарды кабыл алууда. Бул иштер Президент Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы менен ишке ашты. Учурда борбор өлкөбүздүн аймактарынан келген энелерди, балдарды жогорку деңгээлде тейлеп жатат. Оорукананын айланасы да кеңири болгондуктан, ал жактын инфраструктурасын жакшыртуу иштери да Президенттин фондунун колдоосу менен уланмакчы.

Мындай алгылыктуу өзгөрүүлөр бизди да кубантпай койбойт. Бул жаңылануунун жүрүшү жана бүгүнкү абалы тууралуу кененирээк билүү үчүн биз борбордун директору Шайырбек Сулайманов менен баарлаштык.

— Шайырбек Алибаевич, ооруканаңыздарда шарттар жакшырып, жаңы аппараттар коюлуп жатыптыр. Бул боюнча кенен айтып берсеңиз?

— Биздин борбор 1961-жылы негизделген, ортодо бир топ реформалар болуп, акыркы жобо 2007-жылы өкмөттүн токтому менен «Эне жана баланы коргоо улуттук борбору» деп бекитилген. Имарат 1995-жылы курулган. Ошондон бери үстүртөн актап-сырдоо иштери эле жүргүзүлүп, масштабдуу түрдө оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. Андан сырткары ооруканадагы эмерек, медициналык жабдуулар да эскирген эле.

Акыркы 2-3 жыл ичи биздин борбордун шартын жакшыртуу үчүн ири каражат жумшалууда. Борбордо жалпы 34 бөлүм болсо, 10у хирургиялык, 13ү соматикалык. Ошондо 358 соматикалык, 358 хирургиялык керебет, андан сырткары төрөт үйү бар.

Бишкек шаарындагы И.Ахунбаев-190 дарегиндеги башкы имаратыбызда март айында капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталган. Бул иштерге каражат Президенттик фонддон бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштерин Президенттин Иш башкармалыгы уюштурду. Жалпысынан ооруканадагы коммуникация, жылуулук, суу түтүктөрү, саркынды сууларды агызуучу түтүктөр, желдетүү, өрткө каршы системалар жаңыланды. Андан сырткары дубал, шып, пол дегендей бардыгы заманбап, балдарга зыяны жок курулуш материалдар менен жасалды.

Август айынан тарта биздин борбор жаңы шарт, эреже менен иштеп, балдар ооруканага жатканда тамактануу, уктоо режимдерин кармап, бул боюнча бардык гигиеналык талаптар эске алынып, шарттар каралды.

Андан сырткары имараттын 16 миң чарчы метрден турган чатыры алмаштырылды. Азыр дагы 3 бөлүмүбүз калгандыктан ал жактагы оңдоп-түзөө иштери уланууда. Мындан сырткары, тамак-аш жасоочу, сактоочу жерлерде да 1995-жылдан бери ремонт жасалбай, бүгүнкү күндө бул жактар да толугу менен жаңыланды.

— Бейтаптарга операция жасоодо жаңы ыкмалар киргизилип жатыптыр. Бул боюнча да токтоло кетсеңиз?

— Бүгүнкү күндө мурункудай курсак, көкүрөктү кесип, операция жасоо ыкмаларынан четтеп, эндовидео хирургиялык аппараттары менен операция жасалууда. Эндовидео хирургиялык ыкмасы менен бейтаптын кичине жери гана кесилип, мында бейтаптын сакаюусу тезирээк жүрүп, алардын психологиясына көп таасир этпегендиктен, бул ыкманы колдонуп жатабыз.

Андан сырткары – эндоскоп, колоноскоп, брохоскоп аппараттары коюлду. Эндоскоп аппараты менен ашказанды, кызыл өңгөчтү көргөнгө мүмкүнчүлүк болсо, колоноскоп аппараты  менен жоон ичегини карайбыз. Бронхоскоп менен болсо – бронхторду, өпкөнү караганга мүмкүнчүлүк бар. Бул аппараттар жаңы келди. Булар уникалдуу аппараттар. Азыр бейтаптарды изилдөөдө алар диагностикалык изилдөөдөн өтүш үчүн ар кайсы жакка барып убара болбосун деп, бир жерден гана толук изилдөөдөн өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Бет-жаак хирургия бөлүмүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн алардын коопсуз медициналык жардам алып, жатып дарылануусуна шарттарды түзүп жатабыз.

Мындан сырткары оорукананын аймагы да бир топ чоң. Ошол себептүү, ооруканадагы ички жолдорду, авто унаалар коюлуучу жайды дагы оңдоп-түзөө иштеринин алкагында бүтүрүп алсак деп турабыз.

Биздин борбордун аянтында былтыр Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы оорукананын курулушу боюнча мезгил кутусу салынган. Быйыл ошол оорукана эки мамлекеттин ортосундагы макулдашууга ылайык Азербайжан мамлекети тарабынан курулуу алдында турат.

— Бөйрөктү трансплантациялоо боюнча Өкмөттүн жаңы токтому кабыл алынды эле. Бул токтом кандай ишке ашып жатат?     

— Ушул жылдын 25-мартында Президент Садыр Жапаров бизди кабыл алып, жаңы тапшырмаларды койгон. Анда бөйрөктү алмаштырууга кандай даярдык, муктаждык бар экендиги боюнча иш-чара түзүлүп, бир топ ишти жүргүздүк. Бул боюнча Түркия, Орусиядан врачтарды чакырып, генетикалык изилдөө боюнча врач-лаборанттарды окутуп, алар атайын сертификатка ээ болушту. Трансплантациялоо боюнча да мамлекеттен каражат бөлүнүп, диагностикалык аппараттар, хирургиялык шаймандар жаңыланды. Бүгүнкү күнгө биздин борбордо бөйрөк боюнча бюджеттик негизде 74 операция жасалса, 21и былтыр, быйыл 11 операция жасалды.

Учурда Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы №322 Токтому менен бөйрөктү трансплантациялоону уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилди. Бөйрөк трансплантациясынан кийин пациенттерде иммуносупрессорлордун кандагы абалын аныктоо үчүн MAGLUMI-800 аппараты ишке киргизилди. Кандагы такролимусту аныктоочу реагенттер сатылып алынды. LUMINEX-200 аппараты оңдолду жана генетикалык изилдөөлөр  үчүн кошумча лабораториялык жабдуулар менен толукталды (Cross-match, PRA, HLA-гистошайкештик). Учурда LUMINEX-200 аппараты үчүн реагенттердин жакын арада келишин күтүп жатабыз.

— Сиздердин борбордо балдардын онкологиялык бөлүмү бар эмеспи. Бул жакта да шарттар жакшырса керек?

— Акыркы жылдары балдар онкологиясында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп, бүгүнкү күндө Өкмөттөн биздин борбордун балдар онкология бөлүмүнө 200 млн сом каралды. Ошондо биздин бейтаптар биринчи катардагы дары-дармек менен камсыз болууда. Борбордо жылына 1000дей бала дарыланса, 200дөй жаңы учур катталып турат. Былтыр сөөк чучугун алмаштыруу боюнча бир операция жасалган эле. Быйыл балдар онкологиясы бөлүмүндө оперативдик зал, паллиативдик жана интенсивдүү жардам палаталары ачылды. Сөөк чучугун алмаштыруу үчүн ламинардык система орнотуу үчүн акча каражаты каралып, аны жайгаштырууга даярдык жүрүүдө.

— Шайырбек Алибаевич, жаңылануу процесси бир топ талапты коет эмеспи. Бул багытта кандай көйгөйлөр болууда?

— Албетте, шарттардын жакшырышы менен талаптар да катуу коюлуп жатат. Азыр жаңы ыкмаларды киргизип, жаңы аппараттарды практика жүзүндө иштөө үчүн илимий деңгээлибизди көтөрүп, жаш адистерди даярдашыбыз зарыл. Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча да иштерди жүргүзүп, активдештиришибиз керек. Ал эми дарыгерлердин эмгек акысы боюнча Өкмөт тарабынан 2026-жылы көтөрүлөт деп жатат.

— Бейтаптарды тейлөөнү санариптештирүү боюнча иш жүргүзүп жаттыңыздар эле. Ийгилик жарата алдыңыздарбы?

— Бейтаптарды тейлөөнү санариптештирүүнү биздин борбор биринчилерден болуп киргиздик эле. Азыр бир жылдын жыйынтыгын чыгардык. Бейтаптар арасында мурдагыдай кезек жок. Убагында жазылып, убагы менен кирип жатышат. Мурункудай жөн эле убара болуп келгендер азайды. Электрондук кезекке жазылуу менен бейтаптар да көзөмөлдөнүп калат экен.

Ал эми документтерди жүргүзүүдө бейтаптын баяны, амбулатордук карта, лабораториялык кызматтар да санариптештирилди. Эки ай мурда жогорку технологиялык жардамдар боюнча медициналык кызмат акысын да онлайн форматка өткөрдүк. Мында бейтап терминалдан, же сайттан эле кызмат акысын төлөгөндүктөн, дарыгер менен бейтаптын ортосундагы  кийлигишүү азайды.

— Май айында чет жактан келген дарыгерлердин катышуусунда конференция өткөрүпсүздөр. Кандай маселелер талкууланды?

— 23-24-майда Ысык-Көлдө эл аралык конгресс болуп өттү. Бул жерде педиатрия, акушердик-гинекология, балдар хирургиясындагы инновациялар боюнча 10 чакты мамлекеттен келген врачтардын катышуусу менен жүздөгөн докладдар угулду. Бул иш-чараны эл аралык ЮНИСЕФ уюму колдоп өткөздү. Ал жерде дарыгерлер ортосунда тажрыйба алмашуу жүрүп, дарт аныктоодогу жаңы методикалардын баарын ортого салып талкуулап, маалымат алмашуу жүрдү. Россия, Түркия, Казакстан, Германия,  Өзбекстан, Беларусиядан 500гө жакын катышуучу болду.

Кенже Осмоналиева