"Эркин-Тоо"

Энелер жөлөкпулдун көбөйүүсүнө муктаж

Балдардын майып болуп төрөлүүсү  бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча өсүп жатканы   кимди да болсо кооптондурбай койбойт.   Азыркы учурда адмзат жашоосунда мурда болуп көрбөгөндөй майыптык учурлар  катталууда. 

Мындан 50 жыл мурда дүйнө жүзү боюнча глобалдуу изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча майыптыгы бар  же мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар  жер планетасынын жашоочуларынын 10%ын түзгөн.  Азыр бул көрсөткүч 15%дан ашканы айтылууда.  Оору-илдеттен же кырсыктардан улам адам майыптык алышы мүмкүн, ошол эле учурда азырынча себептери медицинада ачык-айкын айтыла элек тубаса майып төрөлүп жаткан балдардын катары да өсүп жатат.   Кийинки кездерде  аутизм, дауна синдрому  менен балдар төрөлүүдө.  Балдардын мындай өксүк менен тубаса майып болуп төрөлүшү үчүн эне-атаны күнөөлөөгө эч болбойт. Адистердин айтымында бул негизинен генетикалык өксүк жана мында экологиялык фактордун да кандайдыр бир таасири болушу мүмкүн. Тагдырдын оор сыноосуна туш болгон ата-энелер үчүн бул психологиялык  сокку гана болбостон,  баласын багып, чоңойтуунун  азап-тозогун көтөрүүнүн жүгү өзү канчалык оор экенин түшүнүүгө болот.    Алар  албетте, ар убак моралдык да, материалдык да колдоого муктаж.

Бейшемби күнү  парламенттин жалпы жыйынында  Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев   аутизм, дауна синдрому жана ДЦП (шал) болуп тубаса майып  төрөлгөн балдарды багып жаткан энелерге  жөлөкпулду эки эсе көбөйтүү маселесин көтөрдү.   Азыркы учурда тубаса  майып  балдарын караган энелер 6300 сом жөлөкпул алат. Аларды багып караган көмөкчү  же болбосо “жеке ассистент” деген түшүнүк киргенине карабай көп учурда майып балдардын азабын байкуш эне өзү тартат. Жеке ассистент  энеси, бир туугандары же сырттан бирөө болушу мүмкүн, бирок баласына энеден башка ким түтө алат?  Мындай өксүктөгү балдарды багып-кароо психологиялык жагын айтпаганда да ата-эне үчүн көп каражатты талап кылат. Балдар реаблитациялык борборлордо  массаж, ар кандай көнүгүүлөр  жана башка процедуралардан өтүп турушу керек. Алардын тамак-ашы, керектүү дары каражаттары жана башка чыгымдар үчүн да   көп каражат керектелет.  Жанар Акаев “6300 сом эч нерсеге жетпейт, ошондуктан алардын жөлөк пулун эки эсеге көтөрүү маселесин карасаңар”  деген өтүнүчү менен  Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын парламенттеги өкүлү А. Абытовго кайрылды. Ошондой эле депутат  мырза айткандай  өлкөбүздө тубаса майып балдар үчүн реаблитациялык борборлор жетишсиз.  “Оштогу борборго облустагы бүт райондордон майып балдарын массажга жана башка көнүгүүлөргө алып келишет. Ар бир район борборлорунда, шаарларда ээн турган имараттарга реаблитациялык борборлорду ачып, тубаса майып балдар үчүн тиешелүү шарттарды түзүүбүз керек”, — дейт депутат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан  баштап тубаса майып балдарды баккан эне-атага же болбосо “жеке ассистентке”  4900 сом өлчөмүндө  жөлөкпул төлөнө баштаган. 2023-жылы ноябрдан баштап бул сумма көбөйтүлүп, 6300 сомду түздү.  Бул сумманын ичинен  миң сомдун тегерегинде патент үчүн төлөм кармалат.

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Пример HTML-страницы