"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ЭНЕРГЕТИКА–ЭКОНОМИКАНЫН ФЛАГМАНЫ

Президент Садыр Жапаров 22-декабрда энергетика тармагынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктады. “Энергетика дээрлик бардык өлкөлөрдүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоотиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика — туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак. Өлкөбүздүн энергетика тармагындагы билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин аракети менен бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды. Бирок, ошол эле учурда, алдыда ыкчам чечимдерди жана жаңыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери — тиешелүү жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергия жеткирүүнүн натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү ж.б. Күн тартибинде турган мындай милдеттерди квалификациялуу, кесипкөй, ак ниет адистерибиз менен биргеликте иш жүзүнө ийгиликтүү ашырабыз деп ишенем!” деп айтылат куттуктоодо.