"Эркин-Тоо"

Энергетика министри Кара-Кечедеги көмүрдү казуу иштери менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусундагы Кара-Кече кенине барып, көмүр казуу, жүктөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

КР Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кара-Кече кенинде күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылып, 200дөй автоунаа жүктөп, аймактарга жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Таалайбек Ибраев Кара-Кече кенинин жетекчилигине калкка көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле энергетика министри Балыкчы шаарында жайгашкан көмүр базасына барып, көмүр ташып келүү жана жеткирүү иштери менен таанышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!