"Эркин-Тоо"

Энергетика министри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, күн-шамал электр станцияларын тездетип куруп бүткөрүү тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын электр энергиясына болгон потенциалы, ири долбоорлордун үстүндө инвесторлор менен болгон кызматташуу, инвестор үчүн мамлекет тарабынын жеңилдетилген мыйзамдар тууралуу маалымат берди. Эки өлкө ортосундагы энергетика тармагында биргеликте иш алып барып жаткан айрым кытайлык компаниялардын атын атап, алар менен мындан ары кызматташууга жана энергетиканы өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси  Кытайдын энергетика жаатында эң тажрыйбага мол, таанымал айрым компаниялары ГЭС, күн-шамал электр станцияларын курууга кызыктар экенин, аларды Кыргызстанга инвестор катары тартууга жардам берүүнү улантарын билдирди.

Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигинин атынан энергетика тармагындагы кызматташууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге “Каарман” төш белгисин, элчинин жардамчысы Ван Цзенань жана элчиликтин консулдук башкармалыгынын башчысы Ху Чжунжуэйге «Ардак» грамота тапшырды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!