"Эркин-Тоо"

Энергетика министри Таалайбек Ибраев: «Быйыл электр энергиясынын тартыштыгы жаралбайт»

Быйыл электр энергиясынын тартыштыгы жаралбайт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев  Спутник радиосуна  берген маегинде билдирди.  Анын айтымында, жыл сайын электр энергиясын керектөө өсүп жатат. Бирок, ага карабай даярдык көрүлүүдө.
 «Быйыл  былтыркыга салыштырмалуу суу көп. Өткөн жылы ушул убакытта  Токтогул ГЭСинде 11 миллиард 310 миллион метр куб болсо, азыркы убакта 12 миллиард 635 миллион метр куб суу бар. План боюнча 12,9 миллиард метр кубга чейин суу чогулат деп жатабыз. Белгилей кетчү жагдай, жыл сайын электр энергиясын керектөө 4-6 пайызга өсүп жатат.  Экономика өсүп жаткан өлкөдө электр энергиясына болгон муктаждык дагы жогорулайт. Мына жакында эле 100 объект тапшырылды, бул деген жаңы 100 электр энергиясын колдонуучу ишкана пайда болду дегенди түшүндүрөт. Тапшырма коюлган, 2027-жылга чейин сырттан электр энергиясын алууну токтотуп, өзүбүздү толук камсыздап, экспортко чыгышыбыз керек. Учурда ушул багытта иштеп жатабыз. ГЭСтер курулуп бүткөнчө тартыштыкты кантип жоёсуңар деген суроо болушу мүмкүн. Кийинки жылга Казакстан, Россия, Түркмөнстан менен 3,4 миллиард, ал эми Өзбекстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын алууга келишим бар. Ал эми быйылкы боюнча дагы өзүнчө келишим түзүлгөн. Кийинки жыл боюнча айтсам, келишимдин документтери даяр. Бул сөзсүз түрдө алгыла дегенди билдирбейт, жетишпей калса алабыз. Энергетикада дайым резерв болушу керек. Анткени ар кандай кырдаалдар болуп калат», — деген Ибраев.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!